# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-октябрындагы № 523-б (Акча каражат бөлүүнү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-октябрындагы № 523-б (Акча каражат бөлүүнү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 523-р
- Кабыл алынган күнү: 21.10.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214856>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14758/edition/693728/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214856.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-октябрындагы № 523-б (Акча каражат бөлүүнү жөнүндө) буйругу (21.10.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214856

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 21-октябры № 523-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан № 50 мекемесинде 2015-жылдын 11-октябрында болгон инциденттин натыйжасында кызматтык милдеттерин аткарууда жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 50 мекемесинин төмөнкү кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 200 000 (эки жүз миң) сом Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына бөлүнсүн:

- курман болгон Омурзаков Таалайбек Аскаровичтин үй-бүлөсүнө -50 000 (элүү миң) сом;

- курман болгон Садыбакасов Туратбек Бектеновичтин үй-бүлөсүнө -50 000 (элүү миң) сом;

- курман болгон Орозобек уулу Фархаттын үй-бүлөсүнө - 50 000 (элүү миң) сом;

- жарадар болгон Абылгазиев Тилек Абылгазиевичтин үй-бүлөсүнө -50 000 (элүү миң) сом.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
