# КР Президентинин 2015-жылдын 21-сентябрындагы ПБ № 267 (Кыргыз Республикасы менен Тоголез Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникенин долбоорун жактыруу тууралу) буйругу

- Толук аталышы: КР Президентинин 2015-жылдын 21-сентябрындагы ПБ № 267 (Кыргыз Республикасы менен Тоголез Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникенин долбоорун жактыруу тууралу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 267
- Кабыл алынган күнү: 21.09.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.09.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214837>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14739/edition/693690/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214837.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.09.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2015-жылдын 21-сентябрындагы ПБ № 267 (Кыргыз Республикасы менен Тоголез Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникенин долбоорун жактыруу тууралу) буйругу (21.09.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214837

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ 2015-жылдын 21-сентябры ПБ № 267

1. Кыргыз Республикасы менен Тоголез Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникенин долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрине жогоруда аталган Биргелешкен коммюникеге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев

Долбоор Кыргыз Республикасы менен Тоголез Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө БИРГЕЛЕШКЕН КОММЮНИКЕ

Кыргыз Республикасы жана Тоголез Республикасы, эки мамлекеттин ортосунда өз ара түшүнүшүүнү, достукту жана кызматташтыкты бекемдөөгө көмөк көрсөтүүнү каалап, Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын жана эл аралык укуктун принциптерин жана максаттарын, тактап айтканда, эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоону жана урматтоону, улуттук эгемендүүлүктү жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн, көз карандысыздыгын урматтоону, эл аралык келишимдерди сактоону жана мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөөнү жетекчиликке алып, 1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык мамилелер жөнүндөгү Вена конвенциясынын, 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук мамилелер жөнүндөгү Вена конвенциясынын жоболоруна ылайык жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында бекитилген принциптердин негизинде ушул Биргелешкен коммюникеге кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирүүчү дипломатиялык мамилелерди түзүүнү чечишти. Тиешелүү мамлекеттер тарабынан ыйгарым укук берилген, төмөндө кол койгон өкүлдөр тексттери бирдей күчкө ээ болгон кыргыз, орус, англис жана француз тилдеринде эки нускадагы Биргелешкен коммюникеге кол коюшту. Ушул Биргелешкен коммюникенин жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст негиз катары кабыл алынат.

Нью-Йорк шаарында 2015-жылдын "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ түзүлдү.

Кыргыз Республикасы үчүн

Тоголез Республикасы үчүн

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_
