# КР Премьер-министринин 2015-жылдын 28-октябрындагы № 470 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 7-июнундагы № 234 буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2015-жылдын 28-октябрындагы № 470 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 7-июнундагы № 234 буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 470
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214834>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14736/edition/1001193/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214834.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2015-жылдын 28-октябрындагы № 470 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 7-июнундагы № 234 буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругу (28.10.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214834

---

КР Премьер-министринин 2020-жылдын 28-февралындагы № 121 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2015-жылдын 28-октябры № 470 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маселелери жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 7-июнундагы № 234 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын президиумунун курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

Тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 7-июнундагы № 234 буйругу менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын президиумунун курамы

Мавлянов Абдырахман Субанкулович

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы;

Тыналиева Бакыт Карыбековна

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасынын орун басары;

Муратов Абдиманнап Аттокурович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор;

Эркебаев Абдыганы Эркебаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик, филология илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча);

Быковченко Юрий Григорьевич

\-

биология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын профессору (макулдашуу боюнча);

Дженчураева Розалия Джаманкуловна

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын М.Адышев атындагы Геология институтунун лабораториясынын башчысы, академик, геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча);

Жайнаков Аманбек Жайнакович

\-

академик, физика-математика илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча);

Жумагулов Мааметайып Жумагулович

\-

философия илимдеринин доктору, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин профессору;

Нифадьев Владимир Иванович

\-

Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору, академик, техника илимдеринин доктору, профессор;

Сулайманкулов Какин Сулайманкулович

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия жана химиялык технологиялар институтунун лабораториясынын башчысы, академик, химия илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча);

Койчуев Турар Койчуевич

\-

академик, экономика илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча);

Ишекеев Назаркул Ишекеевич

\-

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин проректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор;

Дюшалиев Камчыбек Шаменович

\-

искусство таануунун доктору, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын музыка таануу кафедрасынын профессору;

Нурунбетов Балтагул Аттокурович

\-

Ош технологиялык университетинин коомдук илимдер кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор;

Борубашев Бекбосун Ишенбекович

\-

Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык жана конституциялык укук кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин доктору, профессор.".
