Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Макулдашуунун жана протоколдун долбоорлорун жактыруу тууралу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 27-октябры № 528-б
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протоколдун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Макулдашуунун жана Протоколдун долбоорлоруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Тараптар жана өз алдынча - Тарап деп аталып), аскердик кызматташтыкты бекемдөө максатында, узак мөөнөттүү достук мамилелерди өнүктүрүүнүн жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн реформалоого колдоо көрсөтүү алкагында, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене.
Максаты
Ушул Макулдашуунун максаты болуп аскердик финансылык кызматташтыктын алкагында АКШ долларынын эквивалентинде 8000000 (сегиз миллион) түрк лирасынын өлчөмүндө акча суммасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бөлүнүп берилүүчү грант боюнча укуктук негизди орнотуу саналат. 7640000 (жети миллион алты жүз кырк миң) АКШ долларынын эквивалентиндеги түрк лирасы өлчөмүндөгү сумма Түркия Республикасынын коргоо өндүрүшүнүн продукцияларын жана/же кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алууну финансылоо үчүн колдонулат (бөлүнүп берилүүчү сумма Кыргыз Республикасы аныктаган батальонду камсыздоо үчүн продукцияларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну финансылоого жумшалат) жана 360000 (үч жүз алтымыш миң) АКШ долларынын эквивалентиндеги түрк лирасы, ушул Макулдашуу түзүлгөндөн кийин кол коюлуучу Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протокол күчүнө киргенден кийин берилет. 2-берене.
Колдонуу чөйрөсү
Ушул Макулдашуунун алкагында 7640000 (жети миллион алты жүз кырк миң) АКШ долларынын эквивалентиндеги түрк лирасы сумма өлчөмүндөгү акча каражаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Түркия Республикасындагы жергиликтүү компаниялардан, Түркия Республикасынын коргоо өндүрүшүнүн ишканаларынан аскер муктаждыктары үчүн продукцияларын сатып алуу жана/же кызмат көрсөтүүлөрү үчүн берилет (бөлүнүп берилүүчү сумма Кыргыз Республикасы аныктаган батальонду камсыздоо үчүн продукцияларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну финансылоого жумшалат) жана 360000 (үч жүз алтымыш миң) АКШ долларынын эквивалентиндеги түрк лирасы Түркия Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протоколдун алкагында берилет. 3-берене.
Компетенттүү жана координациялоочу органдар
Ушул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлиги тарабынан аткарылат. Ушул Макулдашууну аткаруу боюнча координациялоочу органдар Түркия Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги жана Кыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын Элчилигине караштуу Аскердик атташе Аппараты болот. 4-берене.
Ишке ашыруу принциптери
1. 7640000 (жети миллион алты жүз кырк миң) АКШ долларынын эквивалентиндеги түрк лирасы өлчөмүндөгү сумма Түркия Республикасынын жергиликтүү компанияларынан, Түркия Республикасынын коргоо өндүрүшүнүн ишканаларынан аскер муктаждыктары үчүн продукцияларды сатып алууну жана/же кызмат көрсөтүүнү ишке ашыруу учурунда берилет:
а) эгерде сатып алынуучу продукциялардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 7640000 (жети миллион алты жүз кырк миң) АКШ долларынын эквивалентиндеги түрк лирасы өлчөмүндөгү сумманы түзсө, же аталган суммадан көп болсо, анда 7640000 (жети миллион алты жүз кырк миң) АКШ долларынын эквивалентиндеги түрк лирасы өлчөмүндөгү сумманын 100 пайызы гана төлөнөт;
б) эгерде продукциялардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 7640000 (жети миллион алты жүз кырк миң) АКШ долларынын эквивалентиндеги түрк лирасынан аз болуп калса, анда ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык, Түркия Республикасынын Борбордук Банкы Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлигинин көрсөтмөсү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көрсөткөн сатып алуулар ишке ашырылган компаниянын банктык эсебине акча каражаттарды которот жана накталай төлөм формасында сатылып алынган продукциялардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы көлөмүн төлөп берет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн акча каражаттары ушул Макулдашуунун 10-беренесинин 1-пунктунда белгиленген мөөнөттө колдонулушу керек.
Колдонулбаган акча каражаттары Түркия Республикасынын Мамлекеттик казынасына кайтарылат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сатып алууларды ишке ашыруу үчүн Түркия Республикасына келгенге чейин Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлигине керектүү каражаттардын тизмесин (артыкчылыктуу аталыштарды көрсөтүү менен) бериши керек.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлиги менен макулдашуу боюнча Түркия Республикасынын жергиликтүү компанияларынан Түркия Республикасынын коргоо өндүрүшүнүн ишканаларынан керектүү продукцияларды сатып алуу жана/же кызмат көрсөтүү процессин ишке ашырат.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көрсөткөн сатып алуулар жүргүзүлгөн компаниянын банк эсебине, төмөнкү шарттар аткарылгандан кийин Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлиги тарабынан акча каражаттары которулат:
а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен компания ортосунда түзүлгөн контрактка кол коюу жана милдеттенмелерин аткаруу;
б) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн сатып алынган продукцияларды жана/же көрсөтүлгөн кызматтарды кабыл алуу-өткөрүп берүү жол-жоболорунун бүткөндүгү жөнүндө кабарлоону алуу.
5. Эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сатылып алынуучу продукциялардын баасы берилген финансылык каражаттардын өлчөмүнөн ашып кетсе, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү берилген финансы каражаттарына жетишпеген сумманы төлөшү керек. Түркия Республикасынын Өкмөтү ушул Макулдашуу менен белгиленген суммадан ашып кеткен сумманы төлөп бербейт.
6. Бөлүнгөн акча каражаттарды бөлүштүрүү, жүктөрдү таңгактоо, жүктөө, ташуу, жеткирүү жол-жоболору, окутуу маселелери, иш сапар жана суткалык чыгымдар, камсыздандыруу төлөмдөрү, салыктар, алымдар, банктык кармап калуулар жана валюта курстарындагы айырмалары менен түздөн-түз байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен компания ортосунда түзүлгөн контрактта чагылдырылышы керек.
7. Сатып алуу процесстери менен байланышкан визиттер 9-беренеге ылайык ушул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин ишке ашырылат. Ушул процесс менен байланышы бар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жабылат.
Сатып алууну ишке ашыруунун жүрүшүндө Түркия Республикасынын колдонуудагы ченемдик актылардын жоболору колдонулат, Кыргыз Республикасына продукция жеткирилген жана/же кызмат көрсөтүлгөн убактан баштап Кыргыз Республикасынын ченемдери колдонулат.
8. 360000 (үч жүз алтымыш миң) АКШ долларынын эквивалентиндеги түрк лирасы ушул Макулдашуунун алкагында Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ортосунда өзүнчө кол коюла турган Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протоколго ылайык берилет.
9. Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протоколдун алкагында бөлүнгөн акча каражаттары Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарындагы Түркия Республикасынын Аскердик атташесинин банктык эсебине которулушу керек.
5-берене.
Продукцияларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга укук
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Макулдашуунун алкагында Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн акча каражаттарына сатып алынган продукцияларды жана/же көрсөтүлгөн кызматтарды эсептен чыгаруудан түшкөн акчаны Түркия Республикасынын Өкмөтү аныктаган банк эсебине которууга милдеттенет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн алдын ала макулдугу жок башка мамлекетке продукцияларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү бербөөгө, ошондой эле аларды колдонуу укугун үчүнчү Тарапка бербөөгө милдеттенет.
3. Ушул Макулдашуунун жоболору Тараптар катышуучу болгон башка эл аралык макулдашуулардан келип чыгуучу милдеттенмелерди чектебейт, жана башка мамлекеттердин укуктарына, коопсуздугуна жана аймактык бүтүндүгүнө каршы колдонулбашы керек.
6-берене.
Жашыруун маалыматты коргоо
Ар бир тарап ушул Макулдашуунун маалыматтарын жана тараптар бири-бири менен алмаша турган жашыруун маалыматтарды үчүнчү Тараптын өкмөтүнө, компанияга же адамга башка Тараптын макулдугу жок ачпоого милдеттенет. Жашыруундуулуктун бул принциби ушул Макулдашууну колдонуу бүткөндөн кийин дагы колдонулат. 7-берене.
Талаш-тартыштарды жөнгө салуу
Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун же талкуулоонун жүрүшүндө талаш-тартыш маселелер келип чыккан учурда үчүнчү Тарапты, арбитражды же эл аралык сотту тартууга жол берилбейт, жана дипломатиялык каналдар аркылуу сүйлөшүү жолдору менен чечилиши керек. Эгер Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча чечимге келе алышпаса, ушул Макулдашуунун 10-беренесинде келтирилген жоболорго ылайык өзүнүн аракетин токтотот. 8-берене.
Өзгөртүүлөр жана толуктоолор
1. Ар бир Тарап ушул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды киргизе алат. Жазуу түрүндө кабарлоону алгандан кийин 30 күндүн ичинде Тараптар өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү башташы керек.
2. Тараптар менен макулдашылган жана жазуу түрүндө таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Макулдашуунун 9-беренесине ылайык күчүнө кирет.
3. Эгерде сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө 60 күндүн ичинде жыйынтыктар жетишилбесе, ушул Макулдашуунун 10-беренесинин жоболоруна ылайык өзүнүн аракетин токтотот.
4. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Тараптар ушул Макулдашуу менен каралган өзүнүн милдеттенмелерин аткарууну улантат.
9-берене.
Бекитүү жана күчүнө кирүүсү
Ушул Макулдашуу анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Тараптар бүтүргөндүгү жөнүндө акыркы кабарлоону дипломатиялык каналдар боюнча алган убактан баштап күчүнө кирет. 10-берене.
Колдонуу мөөнөтү жана токтотуу
1. Ушул Макулдашуу 5 (беш) жыл ичинде күчкө ээ болот, а эгер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бөлүнгөн акча каражаттары толугу менен колдонулган учурда, анда ушул Макулдашуу дипломатиялык каналдар боюнча акыркы кабарлоо алынган убактан баштап аракетин токтотот.
2. Эгерде Тараптардын бири, ушул Макулдашуунун жоболорун сактабаса же экинчи Тарап сактабай жатат деп эсептесе, жазуу түрүндөгү кабарлоону алгандан кийин 30 күндүн ичинде баштала турган кеңеш берүүлөрдү өткөрүүнү жазуу түрүндө сунуштайт. Эгерде 60 күндүн ичинде макулдашууга келбесе, кайсы гана тарап болбосун 60 күндүн ичинде жазуу түрүндө кабарлоо жиберүү жолу менен ушул Макулдашуунун колдонулушун токтото алат.
3. Ар кандай себеп боюнча Макулдашуунун аракетин токтотуу ушул Макулдашуунун 5-беренесинин жоболоруна таасир эте албайт.
11-берене.
Текст жана кол коюу
1. Ушул Макулдашуу эки нускада даярдалды, ар бири кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде, ошондой болсо да бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
2. Жогоруда баяндалгандардын алкагында, ушул Макулдашууга Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын _________ шаарында 2015-жылдын "___" ______________ кол коюлду.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АТЫНАН
ТҮРКИЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АТЫНАН
КОЛУ:
КОЛУ:
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протокол
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Тараптар жана өз алдынча Тарап деп аталып), "___" ___________ жылы кол коюлган Аскердик финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында бөлүнгөн финансылык жардамды өздөштүрүү максатында төмөнкү беренелер боюнча макулдашты: 1-берене.
Максаты
Ушул Протоколдун максаты болуп Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө грант түрүндө берилүүчү 250000 (эки жүз элүү миң) АКШ долларынын эквивалентиндеги түрк лирасы суммасындагы финансылык жардамды өздөштүрүүнүн принциптерин аныктоо эсептелинет. 2-берене.
Колдонуу чөйрөсү
Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилүүчү финансылык жардам транспортировкалоо, азыктандыруу, турак-жай, курстарды төлөө (көп чыгымдарды алып келген курстар/тренингдерден тышкары) жана Түркия Республикасынын атынан тынчтык үчүн Өнөктөштүк Борбору, Терроризмге каршы аракеттенүү боюнча борбору жана Эл аралык деңиз коопсуздугун сактоо борбору сыяктуу алдыңкы тажрыйбалуу борборлор тарабынан берилүүчү/координациялануучу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн Түркия Республикасындагы кыска мөөнөттөгү окуу курстарын (бир айдан ашык эмес), визиттерин төлөө менен байланышкан чыгымдарын жабуу үчүн колдонулат, ошондой эле Бельгиянын Монс шаарындагы НАТОнун "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" Координациясы боюнча тобуна (жылына 30 отуз миң АКШ доллары көлөмүндө) жана Измир/Түркия Республикасынын шаарында НАТОнун Штаб-Квартирасына дайындалган (жылына 24 жыйырма төрт миң АКШ доллары көлөмүндө) кыргыз өкүлдөрүнө ай сайын төлөмдөр үчүн колдонулат. 3-берене.
Ишке ашыруу принциптери
1. Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Бишкек ш. Түркия Республикасынын Аскердик атташе Аппаратынын банк эсебине бөлүнүп берилүүчү финансылык жардам Түркия Республикасынын Генералдык штабынын буйруктарына ылайык Кыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын Аскердик атташе Аппаратынын көзөмөлү алдында чыгымдалышы керек.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бөлүнгөн акча каражаттары ушул Протоколдун 8-беренесинин 1-пунктунда белгиленген мөөнөттө колдонулушу керек. Колдонулбаган акча каражаттары Түркия Республикасынын Мамлекеттик казынасына кайтарылат.
4-берене.
Жашыруун маалыматты коргоо
Тараптар ушул Протоколдун маалыматтарын жана Тараптар алмаша турган жашыруун маалыматты үчүнчү тараптын өкмөтүнө, компанияга же адамга башка тараптын макулдугу жок ачпоого милдеттенет. Жашыруундуулуктун бул принциби ушул Протоколду колдонуу аяктагандан кийин дагы колдонулат. 5-берене.
Талаш-тартыштарды жөнгө салуу
1. Ушул Протоколду ишке ашыруунун же талкуулоонун жүрүшүндө кандай гана болбосун талаш-тартыш маселелер келип чыккан учурда үчүнчү Тарапты, эл аралык сотту же арбитражды тартууга жол берилбейт жана дипломатиялык каналдар боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жолу менен чечилиши керек.
2. Ушул Протокол менен каралбаган маселелер боюнча, __________ Аскердик финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиешелүү жоболору колдонулат.
3. Ушул Протоколдун жоболору Тараптардын башка эл аралык макулдашууларынан келип чыгуучу Тараптардын укуктарын жана милдеттенмелерин чектебейт.
6-берене.
Өзгөртүүлөр жана толуктоолор
1. Тараптардын ар бири ушул Протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү сунуштай алат. Тараптар жазуу түрүндөгү кабарлоону алаары менен 30 күн ичинде өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү башташы керек.
2. Тараптар менен макулдашылган жана жазуу түрүндө таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Протоколдун 7-беренесинин жобосуна ылайык күчүнө кирет.
3. Эгерде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн жүрүшүндө 60 күндүн ичинде жыйынтыктар болбосо, ушул Протоколдун 8-беренесине ылайык ушул Протокол өзүнүн аракетин токтотот.
4. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Тараптар ушул Протокол менен каралган өзүнүн милдеттерин аткарууну улантат.
7-берене.
Бекитүү жана күчүнө кирүүсү
Ушул Протокол анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду тараптар бүтүргөндүгү жөнүндө акыркы кабарлоону дипломатиялык каналдар боюнча алган убактан баштап күчүнө кирет. 8-берене.
Колдонуу мөөнөтү жана токтотуу
1. Ушул Протокол 5 (беш) жыл ичинде - күчүндө болот, ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бөлүнгөн акча каражаттар толук колдонулуп бүткөн учурда ушул Протоколдун колдонулушу дипломатиялык каналдар боюнча экинчи кабарлоо алган убактан баштап токтотулат.
2. Эгерде Тараптардын бири ушул Протоколдун жоболорунун талаптарын сактабаса же экинчи Тарап сактабай жатат деп эсептесе, Тараптар жазуу түрүндөгү кабарлоону алгандан кийин 30 күндүн ичинде баштала турган жазуу формасындагы кеңеш берүүлөрдү сунуштай алышат. Эгерде 60 күндүн ичинде макулдашууга келбесе, кайсы гана болбосун Тарап жазуу түрүндөгү кабарлоону алган убактан баштап 60 күн ичинде ушул Протоколдун колдонулушун токтото алат.
3. Ушул Протокол ___________ кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуу күчүндө болгуча, күчүндө кала берет. Ушул Протокол Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы __________ Аскердик финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун колдонулушу токтотулгандан тартып автоматтык түрдө колдонулушу токтотулат.
9-берене.
Текст жана кол коюу
Ушул Протокол эки нускада, ар бири кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде даярдалды, ошондой болсо да бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Протоколду ишке ашыруунун жүрүшүндө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот. Ушуну тастыктап, төмөндө кол койгон эки Тараптын өкмөттөрү ыйгарым укук берген өкүлдөр ушул Протоколго Кыргыз Республикасынын ______________ шаарында 2015-жылдын "___" ____________ кол коюшту.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АТЫНАН
ТҮРКИЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АТЫНАН
КОЛУ:
КОЛУ:
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.