КР Өкмөтүнүн (2016-жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик заказын бекитүү тууралу) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 11 февраля 2022 года № 57-р (О признании утратившими силу распоряжения Правительства Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-07-27.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 27-июлу № 354-б Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын кесипкөйлүгүн жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-июлундагы № 162 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу системасын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" жана "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык:
1. 2016-жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик заказ (мындан ары - Мамлекеттик заказ) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2016-жылга Мамлекеттик заказды каржылоону камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына төмөнкүлөр сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын 2016-жылга бюджетинде каралган каражаттардан окутуу жүргүзүүгө 3904500 (үч миллион тогуз жүз төрт миң беш жүз) сом жана Мамлекеттик заказды ишке ашыруу үчүн окуу программаларын иштеп чыгууга 300000 (үч жүз миң) сом берүү;
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Мамлекеттик заказды ишке ашыруу үчүн билим берүү уюмдарынын арасында конкурстук тандоо жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу процессине жана сапатына туруктуу мониторинг жүргүзүү.
4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына төмөнкүлөр сунушталсын:
- 2016-жылга Мамлекеттик заказга ылайык макулдашылган тематика боюнча окуу программаларын иштеп чыгуу жана окутуу жүргүзүү;
- Мамлекеттик заказды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты ай сайын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына жана жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берүү;
- окууну ийгиликтүү аяктаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга окуу бүткөндөн кийин бир айдын ичинде сертификаттарды берүү.
5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) окутуу программаларына жана графигине ылайык окутуу курсуна мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды жиберүүнү камсыз кылышсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына Мамлекеттик заказдын алкагында окутуу үчүн жер-жерлерде жайлар менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүшсүн.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Тиркеме 2016-жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик заказ
Кайра даярдоо курстары
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында (мындан ары - Академия) жайгаштыруу үчүн:
2-бөлүм. Окутуу (мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар):
№
Курстардын тематикасы
Угуучулардын категориясы
Угуучулардын саны/окутуу жүргүзүлүүчү жер
Сааттардын саны
Бишкек ш., Чүй обл.
Ош ш., Ош обл.
Жалал-Абад обл.
Баткен обл.
Талас обл.
Нарын обл.
Ысык-Көл обл.
1
Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик башкаруунун негиздери:
- мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системасы;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын системасы;
- ченемдик укуктук актылардын системасы;
- мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иш кагаздарын жүргүзүү;
- кесиптик этика жана коррупцияга каршы аракеттенүү
Мамлекеттик же/жана муниципалдык кызматка биринчи жолу кабыл алынган кызматчылар
200
50
20
20
20
20
20
100
2
Мамлекеттик сектордогу стратегиялык менеджмент
Жетектөөчү кызмат орундарына биринчи жолу дайындалган кызматчылар
150
50
20
20
20
20
20
100
Жалпы:
650 адам
350
100
40
40
40
40
40
Квалификацияны жогорулатуу курстары
Академияда жайгаштыруу үчүн:
1-бөлүм. Системаны өнүктүрүү үчүн илимий-методикалык иштер.
Окуу программаларын иштеп чыгуу:
№
Курстардын тематикасы
Угуучулардын категориясы
1
Этностор аралык мамилелерди башкаруу
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн
2
Коррупцияга каршы саясат
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн
3
Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары
Муниципалдык кызматчылар үчүн
4
Натыйжалуу мамлекеттик башкаруу
Мамлекеттик кызматчылар үчүн
5
Мамлекеттик кызматтагы БЫК (билим, ык, көндүмдөр)
Мамлекеттик кызматчылар үчүн базалык курс
6
Мамлекеттик сектордогу АРБ
Статс-катчылар жана аппарат жетекчилери үчүн
2-бөлүм. Квалификацияны жогорулатуу курстарында окутуу:
№
Курстардын тематикасы
Угуучулардын категориясы
Угуучулардын саны
Сааттардын саны
Бишкек ш., Чүй облусу
Ош ш., Ош облусу
Баткен облусу
Жалал-Абад облусу
Ысык-Көл облусу
Нарын облусу
Талас облусу
1
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окуткан тренерлер үчүн курстар
Тренерлер, ЖОЖдордун окутуучулары
25
72
Мамлекеттик кызматчылар үчүн
1
Мамлекеттик сектордо адам ресурстарын башкаруу:
- кадр саясаты жана АРБнын стратегиялык негиздери;
- адам ресурстарын талдоо, пландаштыруу жана божомолдоо;
- тандоо, тандап алуу жана жалдоо процесси (квалификациялык талаптар, компетенциялар, аңгемелешүүнү жүргүзүү көндүмдөрү);
- адаптациялоо, баалоо жана окутуу (мотивациялоо, кадрлар резерви)
- комплекстүү гендердик мамилелер;
- кагылышууларды башкаруу
Статс-катчылар жана аппарат жетекчилери
25
25
20
20
20
20
20
72
2
Мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу (ТӨУС ж.б.у.с.):
- стратегиялык пландаштыруунун негиздери;
- долбоордук циклди башкаруу;
- долбоорлорду жана программаларды талдоо, мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилери, адистери
100
50
20
20
20
20
20
72
3
Коррупцияга каршы саясат:
- түшүнүк, мааниси жана кесепети;
- Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясат чөйрөсүндөгү мыйзамдары;
- коррупцияга каршы аракеттенүү чаралары;
- ЧУАларга коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү;
- иштиктүү этиканын жана моралдын ченемдери
Түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилери, адистери
250
50
20
20
20
20
20
72
4
Натыйжалуу мамлекеттик башкаруу:
- лидерлик сапаттар;
- коомчулук менен байланыш;
- убакытты башкаруу;
- стресс-менеджмент;
- электрондук башкаруунун негиздери
Түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилери
50
25
20
20
20
20
20
72
Квалификацияны жогорулатуу курстарында окутуу жалпы:
1000 адам
450
150
80
80
80
80
80
Кайра даярдоо курстарында окутуу жалпы:
650 адам
Академияда жайгаштыруу үчүн жалпы:
1650 адам
Конкурстук тандоо жолу менен билим берүүчү уюмдардын арасында жайгаштыруу үчүн:
2-бөлүм. Квалификацияны жогорулатуу курстарында окутуу:
№
Курстардын тематикасы
Угуучулардын категориясы
Угуучулардын саны
Сааттардын саны
Бишкек ш., Чүй облусу
Ош ш., Ош облусу
Баткен облусу
Жалал-Абад облусу
Ысык-Көл облусу
Нарын облусу
Талас облусу
1
Этностор аралык мамилелерди башкаруу:
- себептер, классификация жана формалар;
- кагылышууларды жөнгө салуу жана чечүү;
- этностор аралык кагылышуулардын алдын алуу;
- маданият аралык коммуникациялар;
- этникалык процесстерге мониторинг жүргүзүү жана тандоо;
- Кыргыз Республикасындагы абалды талдоо жана божомолдоо
Мамлекеттик кызматчылардын бардык категориялары
50
50
20
20
20
20
20
72
2
Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды башкаруу
Мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктуу кызматкерлери
150
50
20
20
20
20
20
72
3
Мамлекеттик кызматтагы БЫК (билим, ык, көндүм):
- мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдар;
- мамлекеттик сектордогу БЫКтын негиздери;
- комплекстүү гендердик мамилелер;
- маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
- аналитикалык документтерди иштеп чыгуу;
- иштиктүү каттын көндүмдөрү;
- электрондук башкаруунун негиздери;
- иш кагаздарды жүргүзүүнүн негиздери
Мамлекеттик органдардын адистери
75
50
20
20
20
20
20
72
4
Иштиктүү кыргыз тили
Баштоочулар үчүн
200
72
Улантуучулар үчүн
50
20
20
20
20
20
72
5
Электрондук башкаруунун негиздери:
- мыйзамдар;
- МКТ чөйрөсүндөгү долбоорлорду башкаруу;
- МКТ аркылуу стратегиялык пландаштыруу;
- МКТ долбоорлорунун натыйжалуулугун баалоо;
- тарамдык жана Интернет-сабаттуулук;
- маалыматтар базалары менен иштөө
Мамлекеттик кызматчылардын бардык категориялары
200
50
20
20
20
20
20
72
Мамлекеттик кызматчылар бардыгы:
1425 адам
675
250
100
100
100
100
100
Муниципалдык кызматчылар үчүн
6
ЖӨБОнун финансылык-экономикалык негиздери:
- жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу (бюджеттер аралык мамилелер, жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү, Казыначылык системасы, дем берүүчү гранттар, салыктык укуктук мамилелер);
- аймактын инвестициялык жагымдуулугу, бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу, долбоордук өтүнмөлөрдү түзүү;
- мамлекеттик сатып алуулар;
- жергиликтүү экономикалык өнүгүү
ЖӨБОнун башчылары жана алардын орун басарлары
50
25
25
25
25
25
25
72
7
Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары
ЖӨБОнун кызматкерлери
50
50
25
25
25
25
25
72
8
ЖӨБнын уюштуруу-укуктук негиздери:
- ЖӨБнын укуктук негиздери (жергиликтүү маанидеги маселелер, ЖӨБОнун ыйгарым укуктары, берилген ыйгарым укуктар);
- муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр;
- муниципалдык менчикти башкаруу;
- айылдык аймактарды стратегиялык пландаштыруу;
- ЖӨБ органдарынын текшерүүлөрдү жүргүзүүдө контролдоочу-көзөмөлдөөчү органдар менен өз ара аракеттенүүсү
ЖӨБОнун адистери
50
50
25
25
25
25
25
72
9
Этностор аралык мамилелерди башкаруу:
- себептер, классификация жана формалар;
- кагылышууларды жөнгө салуу жана чечүү;
- этностор аралык кагылышуулардын алдын алуу;
- маданият аралык коммуникациялар;
- этникалык процесстерге мониторинг жүргүзүү жана талдоо;
- Кыргыз Республикасындагы абалды талдоо жана божомолдоо
ЖӨБОнун кызматкерлери
50
50
25
25
25
25
25
72
10
Электрондук башкаруунун негиздери:
- мыйзамдар;
- МКТ чөйрөсүндөгү долбоорлорду башкаруу;
- МКТ аркылуу стратегиялык пландаштыруу;
- МКТ долбоорлорунун натыйжалуулугун баалоо;
- тарамдык жана Интернет-сабаттуулук;
- маалыматтар базалары менен иштөө
ЖӨБОнун кызматкерлери
50
25
25
25
25
25
25
72
Муниципалдык кызматчылар бардыгы:
1075 адам
Конкурстук негизде жайгаштыруу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар бардыгы:
2500 адам
250
200
125
125
125
125
125
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар бардыгы:
4150 адам
Кыскартуулардын тизмеси:
АРБ
-
адам ресурстарын башкаруу;
ЧУА
-
ченемдик укуктук акты;
МКТ
-
маалыматтык-коммуникациялык технологиялар;
ЖӨБО
-
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) ТескемесиРаспоряжение · 11.02.2022 · № 57-р
- КР Президентинин 2013-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 162 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу системасын өркүндөтүү маселелери жөнүндө" жарлыгыУказ · 12.07.2013 · № 162 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу системасын өнүктүрүүнүн Программасы" (Кыргыз Республикасынын Президентинин…Программа · 12.07.2013 · № 162
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 21.08.2004 · № 165 · Күчүн жоготкон