# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-октябрындагы № 485-б ("Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик конкурсу тууралу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-октябрындагы № 485-б ("Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик конкурсу тууралу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 485-р
- Кабыл алынган күнү: 02.10.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.10.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214783>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14693/edition/693586/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214783.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.10.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-октябрындагы № 485-б ("Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик конкурсу тууралу) буйругу (02.10.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214783

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 2-октябры № 485-б Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине дем берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик конкурстун жеңүүчүлөрү болуп төмөнкүлөр аныкталсын жана сыйлансын:

- I орун 3000000 (үч миллион) сом байге фонду менен - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл өкмөтүнө;

- II орун 2000000 (эки миллион) сом байге фонду менен - Ош облусунун Ноокат районунун Т.Кулатов айыл өкмөтүнө;

- III орун 1000000 (бир миллион) сом байге фонду менен - Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айыл өкмөтүнө.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик конкурстун жеңүүчүлөрүнө байгелерди тапшыруу үчүн 6000000 (алты миллион) сом бөлсүн;

- "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиешелүү долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик конкурстун жеңүүчүлөрүнө байгелерди тапшырууну уюштурсун.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
