Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Тандап алуу матчтарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитет түзүү тууралуу) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 11 февраля 2022 года № 57-р (О признании утратившими силу распоряжения Правительства Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-09-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 25-сентябры № 473-б 2015-жылдын октябрь жана ноябрына пландаштырылган 2018-жылдагы Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка тандап алуу матчтарын, ошондой эле 2015-жылдын сентябрына пландаштырылган 16 жашка чейинкилерди (U-16) Азия чемпионатына тандап алуу матчтарын (мындан ары - тандап алуу матчтары) Кыргыз Республикасында өткөрүү менен байланышкан иш-чараларга өз убагында даярдык көрүү максатында, "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык:
1. Тандап алуу матчтарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети бир жумалык мөөнөттө Тандап алуу матчтарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин, анын аткарылышын контролдоону камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети тандап алуу матчтарынын катышуучу командаларына жана расмий адамдарына визаларды жана визалык колдоолорду акысыз негизде тариздөөгө ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) тандап алуу матчтарынын катышуучу командалары жана расмий адамдары келгенде контролдук-өткөрүү пункттары аркылуу тоскоолсуз өтүүгө көмөк көрсөтүшсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тандап алуу матчтарына даярдык көрүү жана өткөрүү менен байланышкан чыгымдарды өз убагында каржылоону камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Д.Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренанын кварталында, ошондой эле тандап алуу матчтарынын катышуучулары жана меймандары жашаган жерлерде коомдук тартипти коргоону камсыз кылуу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тез жардам кареталарын жана тандап алуу матчтарынын катышуучуларын медициналык тейлөөнү камсыз кылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча):
- калкка маалымдоо максатында 2015-жылдын 4-октябры - 17-ноябрындагы мезгилде шаардын борбордук көчөлөрүндө жана кире бериш жерлеринде боло турган тандап алуу матчтары жөнүндө маалыматтар менен баннерлерди жайгаштыруу үчүн жарнамалык такталарды акысыз негизде беришсин;
- тандап алуу матчтарын өткөрүү мезгилинде Д.Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренанын жанаша аймагын жана катышуучулар менен расмий адамдар жашаган жерлерди абаттоо жана санитардык тазалоо иштерин жүргүзүшсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясына тандап алуу матчтарын түз эфирден берүү сунушталсын.
10. Министрликтердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары ведомстволор аралык комиссиянын суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматтарды беришсин жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
11. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Тиркеме 2015-жылдын октябрь жана ноябрына пландаштырылган 2018-жылдагы Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка тандап алуу матчтарына, ошондой эле 2015-жылдын сентябрына пландаштырылган 16 жашка чейинкилерди (U-16) Азия чемпионатына тандап алуу матчтарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы
Ниязалиева Дамира Абаскановна
-
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Бакиров Шейшенкул Турдумамбетович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Касымалиев Адылбек Алешович
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Батыралиев Талантбек Абдуллаевич
-
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;
Турганбаев Мелис Токтомамбетович
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;
Сыдыков Данияр Батырович
-
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы;
Мотукеев Болот Жакинбаевич
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Карыпбеков Илим Майрамбекович
-
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кулматов Кубанычбек Кенешевич
-
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Султанов Семетей
-
Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Дене тарбия жана спорт жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 36
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) ТескемесиРаспоряжение · 11.02.2022 · № 57-р