Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Автоунаа каражатын музей буюму катары өткөрүп берүү тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 21-сентябры № 466-б Автоунаа каражатын музей буюму катары өткөрүп берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд "Кыргыздипсервис" мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасы менен бирге 1995-жылы чыгарылган, мамлекеттик номери 88-44 ВВ, кыймылдаткыч № НУ, кузов № SAJJFAMG4AJ706951 болгон "Ягуар-XJ6" маркасындагы кызматтык автомашинаны Бишкек шаарында жайгашкан Ч.Т.Айтматов атындагы Мемориалдык музейге мындан ары музей буюму катары колдонуу үчүн белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автоунаа каражатын Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизсин.
3. Бишкек шаарында жайгашкан Ч.Т.Айтматов атындагы Мемориалдык музейге ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автоунаа каражатын кабыл алуу сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автоунаа каражатын белгиленген тартипте эсептен чыгарсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндөЗакон · 24.07.2015 · № 193
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон