# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 461-б (Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу тууралу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 461-б (Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу тууралу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 461-р
- Кабыл алынган күнү: 16.09.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214752>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14662/edition/710246/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214752.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 461-б (Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу тууралу) буйругу (18.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214752

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 16-сентябры № 461-б (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 115-б буйругунун редакциясына ылайык) Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аштык буудайды сатып алуу максатында, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:

"- монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген, Кыргыз Республикасында түзүлгөн минималдык дүң бааларды эске алуу менен 208,6 тонна жогорку сорттогу буудай унун жана 46994 литр өсүмдүк майын белгиленген тартипте сатсын;

- унду жана өсүмдүк майын ведомстволук уюмдар жана жооптуу сактоочу ишканалар аркылуу республиканын региондоруна жана бюджеттик уюмдарга сатсын;

- сатуудан түшкөн каражаттарды мамлекеттик материалдык резервдин аштык буудайынын запасын толуктоого жумшасын.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 115-б буйругунун редакциясына ылайык)

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
