# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-августундагы № 409-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 313-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-августундагы № 409-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 313-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 409-р
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.08.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214739>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14649/edition/686293/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214739.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-августундагы № 409-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 313-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу (24.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214739

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2010-жылдын 24-августу, № 409-б Кумтөр кенинин зонасындагы мөңгүлөрдүн абалын изилдөө менен байланышкан маселелерди ыкчам чечүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 313-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

- мөңгүлөрдүн абалын изилдөө боюнча эксперттик илимий-техникалык топтун курамына төмөнкүлөр киргизилсин:

Итибаев Зарылбек Сагындыкович

\-

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин директору, эксперттик топтун жетекчиси;

Рустамов Абдыкалык Алибекович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;

Артыкбаев Расул Саткынович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик директорунун орун басары;

- Алимбеков Д.К. топтун курамынан чыгарылсын.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
