# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-августундагы № 405-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-августундагы № 229-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-августундагы № 405-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-августундагы № 229-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 405-р
- Кабыл алынган күнү: 20.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.08.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214738>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14648/edition/686291/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214738.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-августундагы № 405-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-августундагы № 229-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу (20.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214738

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 20-августу, № 405-б Ош - Баткен - Исфана автомобиль жолунун 108-123 км болгон Көк-Талаа - Пүлгөн участкасын куруу долбоорун бүтүрүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 299-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Ош - Баткен - Исфана автомобиль жолунун 108-123 км болгон Көк-Талаа - Пүлгөн участкасын куруу долбоору боюнча калган иштерди каржылоого Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин бюджетинин чегинде 3 668 050, 0 (үч миллион алты жүз алтымыш сегиз миң элүү) АКШ долларын (салыктарды эсепке алуу менен) бөлсүн, анын ичинде;

2015-жылга - 794 103, 0 (жети жүз токсон төрт миң бир жүз үч) АКШ долларын; 2016-жылга - 2 873 947, 0 (эки миллион сегиз жүз жетимиш үч миң тогуз жүз кырк жети) АКШ долларын.";

- 3-пункттагы «2014» деген цифралар «2015» деген цифрапар менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
