# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августу, № 414-б (2015-жылдын 29-августун жумуш күнү деп жарыялоо жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августу, № 414-б (2015-жылдын 29-августун жумуш күнү деп жарыялоо жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 414-р
- Кабыл алынган күнү: 26.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.08.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214715>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14626/edition/686245/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214715.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августу, № 414-б (2015-жылдын 29-августун жумуш күнү деп жарыялоо жөнүндө) буйругу (26.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214715

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 26-августу, № 414-б Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 101-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун кызматкерлери үчүн 2015-жылдын 29-августу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 115-беренесинде каралган компенсациялоо менен жумуш күнү деп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин караштуу Борбордук казыначылыгынын агент-банкгарына 2015-жылдын 29-августун жумуш күнү деп жарыялоо сунушталсын.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
