# КР Премьер-министринин 2015-жылдын 21-августундагы № 390 ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңештин курамы жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2015-жылдын 21-августундагы № 390 ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңештин курамы жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 390
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2015
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214701>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14612/edition/1280605/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214701.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2015-жылдын 21-августундагы № 390 ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңештин курамы жөнүндө) буйругу (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214701

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2015-жылдын 21-августу, № 390 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-апрелиндеги № 131 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуна ылайык;

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңештин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 1-апрелиндеги № 117 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 26-июлундагы № 367 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 28-октябрындагы № 500 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жылдын 6-майындагы № 204 буйругу.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңештин курамы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын коопсуздук, укуктук тартип жана мамлекеттик чек ара маселелерин тейлеген вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы. Кеңештин катчысы. Кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси -министр; Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Коргоо министри; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри; Кыргыз Республикасынын Финансы министри; Кыргыз Республикасынын Юстиция министри; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы.
