Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Тажикстан Республикасынын аймагында 2015-жылдын июль айында болуп өткөн табигый кырсыктын натыйжасында жабыркаган Тажикстан Республикасынын калкына жардам көрсөтүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 7-августу № 384-б Тажикстан Республикасынын аймагында 2015-жылдын июль айында болуп өткөн табигый кырсыктын натыйжасында жабыркаган Тажикстан Республикасынын калкына жардам көрсөтүү максатында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- ыктыярдуу негизде берилген товардык-материалдык баалуулуктардан жана финансылык каражаттардан гуманитардык жүктү оперативдүү түзсүн жана аларды дайындалган пунктка жеткирүүнү уюштурсун;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарга көңүл буруу боюнча түштүк борборунун эсептешүү эсебине гуманитардык жардам катары бөлүнгөн акчалай каражаттарды топтосун жана "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык зарыл болгон курулуш материалдарын сатып алууну ишке ашырсын;
- "Жарандык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна ылайык түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин гуманитардык резервинен 1000 даана одеял жана 500 куту гигиеналык топтомдорду бөлсүн;
- Тажикстан Республикасына гуманитардык жардамды жеткирүүгө байланыштуу баардык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 2015-жылга каралган бюджеттик каржылоонун көлөмүнүн чектеринде ишке ашырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Тажикстан Республикасынын тургундары үчүн 20 (жыйырма) тонна биринчи сорттогу унду чыгарууну 2015-жылдын аягына чейин аштык буудайынын данынын запасын өзүнүн ресурстарынын эсебинен кийин толтуруу менен ишке ашырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги гуманитардык жүктү ташыган транспорттук каражаттарды (колонналарды) коштоону камсыз кылуу боюнча чара көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы менен бирге мамлекеттик чек ара аркылуу гуманитардык жүктү тоскоолсуз бажылык тариздөөнү жана алардын өтүүсүн артыкчылыктуу тартипте камсыз кылсын.
5. Ыктыярдуу негизде товардык-материалдык баалуулуктарды жана финансылык каражаттарды берген мамлекеттик органдар:
- Тажикстан Республикасына гуманитардык жүктү даярдоого жана жеткирүүгө байланышкан маселелерде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине ар тараптуу жардам көрсөтүшсүн;
- гуманитардык жардам катары бөлүнгөн товардык-материалдык баалуулуктарды Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги уюштурган даярдалган жүктөрдү жыйноо пункттарына чейин жеткирүүнү ишке ашырсын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө, өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жана курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Т.Сарпашев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 115 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Жарандык коргонуу жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 239 · Күчүн жоготкон