Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчыларынын социалдык жана тиричилик шарттарын жакшыртуу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 12-августу, № 389-б Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчыларынын социалдык жана тиричилик шарттарын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17- беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчылары үчүн республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен Баткен облусунун Исфана шаарында 24 батирлүү турак үйдү долбоорлоо жана куруу боюнча заказчы болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган турак үйдү курууну 2015-жылга "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу объекттер жана курулуштардын тизмегине киргизсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун даярдоодо ушул буйруктун 1-пунктунда аталган турак үйдү курууга каражат карасын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 30.12.2014 · № 176
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон