Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министринин (Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) курамын түзүү жөнүндө) буйругу
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2015-жылдын 27-июлу, № 335 “Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-ноябрындагы № 161 Мыйзамын ишке ашыруу максатында:
1. "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-ноябрындагы № 161 Мыйзамынан келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Күралдүү Күчтөрүнүн Генералдык штабынын жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин функцияларын жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү маселелери боюнча ушул буйруктун 1-пунктунда аталган ченемдик укуктук актылардын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
3. Жумушчу топ төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, жергиликтүү эксперттерди жана консультанттарды тартууга;
- мамлекеттик органдардан зарыл болгон маалыматтарды сурап алууга.
4. Министрликтердин жана административдик ведомстволордун жетекчилери жумушчу топтун ишине көмөк көрсөтүшсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Т.А. Сариев
Тиркеме "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-ноябрындагы № 161 Мыйзамынан келип чыгуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
Каримбеков Алик Жолдошмаматович
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кенжисариев Марат Сарымсакович
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальнигинин орун басары (макулдашуу боюнча);
Суеркулов Замир Казакбаевич
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары;
Байтолоев Калмурат Эсеналиевич
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
Жумабаев Айбек Аскарбекович
- Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын колбашчысынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Бакиров Амангелди Сайдимаматович
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 29.11.2014 · № 161
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин айрым буйруктарын күчүн жоготту деп таануу…Распоряжение · 08.09.2023 · № 466