Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Сауд Арабиясы Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин объекттерин куруу үчүн жер участогун берүү шарттары жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 22-июлу, № 342-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Сауд Арабиясы Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин объекттерин куруу үчүн жер участогун берүү шарттары жөнүндө макулдашууну жана 2014-жылдын 8-январында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 1-июлундагы № 103 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Элчинин дипломатиялык миссиясынын жана резиденциясынын имараттарын куруу үчүн жерлерди пайдалануу укугу жөнүндө макулдашууну (өз аралык принциби) аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте:
- Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтү тарабынан бөлүнгөн 3000000 (үч миллион) АКШ доллары өлчөмүндөгү финансылык жардамды салуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында эсеп ачсын жана Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиясы Королдугундагы Элчилигинин (мындан ары - Элчилик) максаттуу алыш-бериш эсебине которууну камсыздасын;
- Элчиликтин максаттуу алыш-бериш эсебиндеги акча каражатын демөөрчүлүк жардам катары (атайын каражат) эсепке алсын жана контролдосун.
2. Элчилик Сауд Арабиясы Королдугунун Эр-Рияд шаарында Кыргыз Республикасынын Элчилигинин имараттарынын комплексин курууга акча каражатын кабыл алуу үчүн максаттуу алыш-бериш эсебин ачсын, курулуш башталганга чейин эсептелген пайыздарды эске алуу менен алардын толук сакталышын камсыздасын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнө ушул буйруктун 1-пунктунда аталган акча каражатын Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте маалымдасын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Элчиликтин максаттуу алыш-бериш эсебиндеги каражаттын кыймылын контролдосун жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине отчет берсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- 2014-жылдын 8-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн opтосундагы Сауд Арабиясы Королдугунун Кыргыз…Закон · 01.07.2014 · № 103
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон