# КР Өкмөтүнүн 2015-жыпдын 22-июлундагы № 341-6 (Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун 2015-жылдын 8-июнунда болгон табигый кырсыктын кесепетинен жабыркаган жашоочуларына гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жыпдын 22-июлундагы № 341-6 (Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун 2015-жылдын 8-июнунда болгон табигый кырсыктын кесепетинен жабыркаган жашоочуларына гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 341-р
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214660>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14571/edition/693405/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214660.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жыпдын 22-июлундагы № 341-6 (Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун 2015-жылдын 8-июнунда болгон табигый кырсыктын кесепетинен жабыркаган жашоочуларына гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө) буйругу (22.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214660

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жыпдын 22-июлу, № 341-6 Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун 2015-жылдын 8-июнунда болгон табигый кырсыктын кесепетинен жабыркаган жашоочуларына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, «Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун жашоочуларына 20 тонна өлчөмдөгү биринчи сорттогу ун жана 3000 литр күн карама майы түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун жашоочулары үчүн 20 тонна өлчөмдөгү биринчи сорттогу унду жана 3000 литр күн карама майын өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун жабыр тарткан жашоочуларына гуманитардык жардамды акысыз негизде даректүү бөлүштүрүүнү камсыз кылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган материалдык баалуулуктарды Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы белгиленген жерине ушул максаттарга каралган 2015-жылга бюджеттик каражаттардын эсебинен жеткирип берүүнү уюштурсун.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
