КР Өкмөтүнүн 2015-жыпдын 22-июлундагы № 341-6 (Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун болгон табигый кырсыктын кесепетинен жабыркаган жашоочуларына гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө) буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жыпдын 22-июлу, № 341-6 Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун 2015-жылдын 8-июнунда болгон табигый кырсыктын кесепетинен жабыркаган жашоочуларына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, «Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун жашоочуларына 20 тонна өлчөмдөгү биринчи сорттогу ун жана 3000 литр күн карама майы түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун жашоочулары үчүн 20 тонна өлчөмдөгү биринчи сорттогу унду жана 3000 литр күн карама майын өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун жабыр тарткан жашоочуларына гуманитардык жардамды акысыз негизде даректүү бөлүштүрүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган материалдык баалуулуктарды Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы белгиленген жерине ушул максаттарга каралган 2015-жылга бюджеттик каражаттардын эсебинен жеткирип берүүнү уюштурсун.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндөЗакон · 26.05.2014 · № 78