# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы № 215-б (Айдоо аянттарын сугат суу менен камсыздоо жана Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Шадыкан айыл аймагынын тургундарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максаты жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы № 215-б (Айдоо аянттарын сугат суу менен камсыздоо жана Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Шадыкан айыл аймагынын тургундарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максаты жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 215-р
- Кабыл алынган күнү: 20.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214644>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14555/edition/693373/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214644.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы № 215-б (Айдоо аянттарын сугат суу менен камсыздоо жана Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Шадыкан айыл аймагынын тургундарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максаты жөнүндө) буйругу (20.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214644

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК

2015-жылдын 20-майы, № 215-б

Айдоо аянттарын сугат суу менен камсыздоо жана Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Шадыкан айыл аймагынын тургундарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

- республикалык бюджеттен "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча 15,8 (он беш миллион сегиз жүз миң) сомду Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба департаментине Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Шадыкан айыл аймагынын Түйтө айылында тамчылатып сугаруу системасын орнотуу үчүн скважиналарды курууга бөлүп берсин;

- "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун даярдаганда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги Суу чарба департаментине 15,8 млн. сомду караштырсын.

2. Тамчылатып сугаруу системасын орнотуу үчүн скважиналарды куруу боюнча жумуштардын тапшырыкчысы болуп Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги аныкталсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
