Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Айдоо аянттарын сугат суу менен камсыздоо жана Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Шадыкан айыл аймагынын тургундарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максаты жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК
2015-жылдын 20-майы, № 215-б
Айдоо аянттарын сугат суу менен камсыздоо жана Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Шадыкан айыл аймагынын тургундарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- республикалык бюджеттен "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча 15,8 (он беш миллион сегиз жүз миң) сомду Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба департаментине Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Шадыкан айыл аймагынын Түйтө айылында тамчылатып сугаруу системасын орнотуу үчүн скважиналарды курууга бөлүп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун даярдаганда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги Суу чарба департаментине 15,8 млн. сомду караштырсын.
2. Тамчылатып сугаруу системасын орнотуу үчүн скважиналарды куруу боюнча жумуштардын тапшырыкчысы болуп Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги аныкталсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 30.12.2014 · № 176
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон