# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 225-б (Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиганин мамлекет башчыларынын кеңешинин жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына даярдык көрүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 225-б (Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиганин мамлекет башчыларынын кеңешинин жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына даярдык көрүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 225-р
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.05.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214631>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14542/edition/683285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214631.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 225-б (Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиганин мамлекет башчыларынын кеңешинин жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына даярдык көрүү жөнүндө) буйругу (25.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214631

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 25 майы, № 225-б Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына даярдык көрүү жана 2016-жылы Кыргыз Республикасында ийгиликтүү өткөрүү, ошондой эле Бишкек - "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому автомобиль жолун капиталдык ондоо боюнча иш-чараларды өз убагында ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментине 2015-2016-жылдарда 23,027 км, 7,5 км - 30,5 км узундуктагы Бишкек - "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому (мындан ары - Бишкек -"Манас" аэропорту автомобиль жолу) автомобиль жолунун участогун капиталдык оңдоого 1 084 842 654,00 (бир миллиард сексен төрт миллион сегиз жүз кырк эки мин алты жүз элүү төрт) сом бөлүп берсин;

- "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоорун даярдоодо ушул буйруктун 1-пунктунун экинчи абзацында аталган каражаттарды караштырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти Бишкек - "Манас" аэропорту автомобиль жолунун участогун долбоорлоо жана капиталдык ондоо боюнча заказчынын функциясын ишке ашыруучу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти белгиленген тартипте:

- Бишкек - "Манас" аэропорту автомобиль жолунун участогун капиталдык оңдоого долбоордук-сметалык документтерди бекитсин;

- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келишимдерди түздөн-түз түзүү методу менен Бишкек - "Манас" аэропорту автомобиль жолунун участогун капиталдык оңдоо үчүн зарыл болгон сатып алууларды жүргүзсүн;

- Бишкек - "Манас" аэропорту автомобиль жолунун участогун капиталдык ондоо үчүн "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылсын;

- Бишкек - "Манас" аэропорту автомобиль жолунун участогун капиталдык ондоо үчүн "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча бөлүнгөн каражаттарды өздөштүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ай сайын маалымат берип турсун;

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
