# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 306-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-августундагы № 330-б буйругуна өзгөртуүлөрдү киргизүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 306-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-августундагы № 330-б буйругуна өзгөртуүлөрдү киргизүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 306-р
- Кабыл алынган күнү: 06.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214606>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14518/edition/654864/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214606.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 306-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-августундагы № 330-б буйругуна өзгөртуүлөрдү киргизүү жөнүндө) буйругу (06.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214606

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК

2015-жылдын 6-июлу № 306-б

Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-августундагы № 330-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу маселелери боюнча комиссиянын курамында:

Комиссиянын курамына киргизилсин: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Жумаев Н.К., Комиссиянын төрагасы катары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусу боюнча оперкызматкери Акматов Б.Ш.; Чынгожоев А.Т., Шопоков К.М. жана Нурдин уулу Төлөгөн комиссиянын курамынан чыгарылсын.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
