# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 309-б (Автотранспорт каражатын акысыз өткөрүп берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 309-б (Автотранспорт каражатын акысыз өткөрүп берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 309-р
- Кабыл алынган күнү: 06.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214604>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14516/edition/655140/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214604.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 309-б (Автотранспорт каражатын акысыз өткөрүп берүү жөнүндө) буйругу (06.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214604

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 6-июля № 309-б Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 174-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы автотранспорт каражатын акысыз өткөрүп берүү жөнүндө БУУнун Кыргыз Республикасындагы Балдар фондунун өкүлчүлүгүнүн (ЮНИСЕФ) жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин ортосундагы Макулдашуунун негизинде 2006-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № INF0512632, кузовунун № JTECB01J201026863, ак түстөгү "Тойота Ленд Крузер" маркасындагы автомашинаны мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык режиминде тариздесин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:

- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине кабыл алсын;

- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин ыкчам башкаруу суна өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын жана наркын бааласын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатынын наркын республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө эсепке алсын.

5. Ушул буйруктун аткарылышын Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
