Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Автотранспорт каражатын акысыз өткөрүп берүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 6-июля № 309-б Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 174-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы автотранспорт каражатын акысыз өткөрүп берүү жөнүндө БУУнун Кыргыз Республикасындагы Балдар фондунун өкүлчүлүгүнүн (ЮНИСЕФ) жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин ортосундагы Макулдашуунун негизинде 2006-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № INF0512632, кузовунун № JTECB01J201026863, ак түстөгү "Тойота Ленд Крузер" маркасындагы автомашинаны мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык режиминде тариздесин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине кабыл алсын;
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин ыкчам башкаруу суна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын жана наркын бааласын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатынын наркын республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө эсепке алсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон