# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 307-б (Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын материалдык-техникалык базасын бекемдөө жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 307-б (Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын материалдык-техникалык базасын бекемдөө жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 307-р
- Кабыл алынган күнү: 06.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214602>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14514/edition/1146762/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214602.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 307-б (Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын материалдык-техникалык базасын бекемдөө жөнүндө) буйругу (06.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214602

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 6-июлу № 307-б Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын материалдык-техникалык базасын бекемдөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 174-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 2013-жылдын 14-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун Жогорку комиссарынын Качкындардын иштери боюнча башкармалыгынын ортосундагы Бириккен Улуттар Уюмунун Жогорку комиссарынын Качкындардын иштери боюнча башкармалыгынын Өкүлчүлүгүнүн мүлкүнө менчик укугун өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууга ылайык кузовунун № JTECBOIJXO1006666, кыймылдаткычынын Nu IHZ 0389067, 2002-жылы чыгарылган "Тойота Лэнд Крузер" маркасындагы автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык режиминде тариздесин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы менен бирге белгиленген тартипте:

- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын мамлекеттик менчикке кабыл алсын;

- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы белгиленген тартипте:

- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын ыкчам башкарууга кабыл алсын жана арналышы боюнча пайдалансын;

- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатынын наркын баалоону жүргүзсүн.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт, жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
