# КР Премьер-министринин 2015-жылдын 19-июнундагы № 248 (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын курамын бекитилиши жөнүндө буйругу)

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2015-жылдын 19-июнундагы № 248 (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын курамын бекитилиши жөнүндө буйругу)
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 248
- Кабыл алынган күнү: 19.06.2015
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214566>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14479/edition/1280348/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214566.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2015-жылдын 19-июнундагы № 248 (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын курамын бекитилиши жөнүндө буйругу) (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214566

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2015-жылдын 19-июну № 248 (КР Премьер-министринин 2016-жылдын 27-июнундагы № 342 буйругунун редакциясына ылайык) Мамлекеттик башкаруунун колдонулуудагы системасына талдоо жүргүзүү, аны оптималдаштыруу жана өркундөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 8-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтомуна ылайык: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

Тиркеме Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын курамы (КР Премьер-министринин 2016-жылдын 27-июнундагы № 342 буйругунун редакциясына ылайык) Кызмат орду боюнча: Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Экономика министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Юстиция министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары. Комиссия мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Финансы министри; Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча); жекече:

Ахметова Нурсулу Меирбековна

\-

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук негиздеги кеңешчиси;

Пономарев Сергей Васильевич

\-

Кыргыз Республикасынын Базарлар, соода жана кызмат көрсөтүү ишканалары ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);

Сатыбекова Айжан Эркиновна

\-

"Регионалистика жана өнүктүрүү борбору" мекемесинин директору (макулдашуу боюнча);

Третьяков Александр Викторович

\-

"Гуманитардык долбоорлоо институту" коомдук бирикмесинин аналитиги (макулдашуу боюнча).
