# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июнундагы № 247-б ("Баткен шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык жана ЕРӨБдүн уюштуруучуларынын Атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грантка карата Кыргыз Республикасы, Баткен шаарынын мэриясы, "Таза-Суу" муниципалдык ишканасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө долбоорду бекитүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июнундагы № 247-б ("Баткен шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык жана ЕРӨБдүн уюштуруучуларынын Атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грантка карата Кыргыз Республикасы, Баткен шаарынын мэриясы, "Таза-Суу" муниципалдык ишканасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө долбоорду бекитүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 247-р
- Кабыл алынган күнү: 08.06.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214557>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14472/edition/698521/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214557.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июнундагы № 247-б ("Баткен шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык жана ЕРӨБдүн уюштуруучуларынын Атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грантка карата Кыргыз Республикасы, Баткен шаарынын мэриясы, "Таза-Суу" муниципалдык ишканасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө долбоорду бекитүү боюнча) буйругу (08.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214557

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY БУЙРУК 2015-жылдын 8-июну № 247-б Баткен шаарын суу менен камсыз кылуу жана каналдаштыруу тутумдарын өнүктүрүү жана өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:

1. Төмөнкү расмий тилде тиркелгендер жактырылсын (расмий эмес котормо):

- "Баткен шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык макулдашуунун долбоору;

- ЕРӨБдүн уюштуруучуларынын Атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грантка карата Кыргыз Республикасы, Баткен шаарынын мэриясы, "Таза-Суу" муниципалдык ишканасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашуунун долбоору.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
