Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн («Баткен шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо» долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык жана ЕРӨБдүн уюштуруучуларынын Атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грантка карата Кыргыз Республикасы, Баткен шаарынын мэриясы, «Таза-Суу» муниципалдык ишканасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө долбоорду бекитүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY БУЙРУК 2015-жылдын 8-июну № 247-б Баткен шаарын суу менен камсыз кылуу жана каналдаштыруу тутумдарын өнүктүрүү жана өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Төмөнкү расмий тилде тиркелгендер жактырылсын (расмий эмес котормо):
- "Баткен шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык макулдашуунун долбоору;
- ЕРӨБдүн уюштуруучуларынын Атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грантка карата Кыргыз Республикасы, Баткен шаарынын мэриясы, "Таза-Суу" муниципалдык ишканасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Баткен шаардык кенешинин 2016-жылдын 19-августундагы № 55 "«Баткен шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реаблитациялоо» долбоорун ишке ашырууда…Постановление · 19.08.2016 · № 55
- Баткен шаардык кеңешинин 2021-жылдын 28-декабрындагы № 60 "Баткен шаарында, Европа Өнүктүрүү банкынын “Баткен шаарындагы таза суу жана булганыч суулар системасын реаблитациялоо”…Постановление · 28.12.2021 · № 60
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64