Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана атайын/кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун бекитγγ жѳнγндѳ) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY БУЙРУК 2015-жылдын 5-июну № 246-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана атайын/кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуунун долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жактырылсын.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана атайын/кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кувейт Мамлекетинин Өкмөтү, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара мамилелерди бекемдөө максатында, эки өлкөнүн дипломатиялык жана атайын/кызматтык паспорттордун ээлеринин кирүү жана чыгуусун жеңилдетүүнү каалап, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Ушул Макулдашуунун жоболорунун таасирине паспорттордун төмөндөгү типтери кирет: 1 - Кувейт Мамлекети үчүн: дипломатиялык жана атайын/кызматтык паспорттор; 2 - Кыргыз Республикасы үчүн: дипломатиялык жана кызматтык паспорттор. 2-берене.
1. Ушул Макулдашуунун (1) беренесинде айтылган паспорттордун ээси болгон Тараптын мамлекетинин жарандары экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына биринчи кирген учурдан баштап алты айдын ичинде токсон (90) күндөн ашпаган мөөнөткө визасыз жана виза үчүн акы төлөбөстөн бир жолу же бир нече жолу кире алышат.
2. Ушул Макулдашуунун (1) беренесинде айтылган паспорттордун ээси болгон жана экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында аккредиттелген Тараптын мамлекетинин жарандары, ошондой эле алардын жубайлары жана аларды коштоп, бирге жашаган жашы жете элек балдары алардын келишине (30) күн калганга чейин экинчи Тарапка билдирүү жөнөтүлгөн шарттарда аккредиттөө мөөнөтүндө визасыз экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына бара алышат.
3-берене.
1. Ушул Макулдашуу жарактуу дипломатиялык паспорту бар дипломатиялык миссиялардын мүчөлөрүн, кеңешчилерди, ошондой эле экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында жайгашкан эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүн кабыл алган Тараптын мамлекетинде алардын келишине чейин аккредиттөө үчүн виза алуу зарылдыгынан бошотпойт.
2. Жогоруда аталган адамдар аккредиттөөдөн өткөндөн кийин алардын командировкаларынын мөөнөтүнүн ичинде визасыз кабыл алган мамлекеттин аймагына транзит менен кирүүгө, анда турууга жана чыгууга укуктуу.
3. Ушул Макулдашууда эч нерсе 1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндө Вена Конвенциясында же 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук карым-катнаштар жөнүндө Вена Конвенциясында камтылган укук жана милдеттерди бузуу катары чечмеленбеши керек.
4-берене. Ушул Макулдашуунун (1) беренесинде айтылган паспорттордун ээси болгон Тараптардын мамлекеттеринин жарандары ушул Макулдашуунун (2) беренесинде айтылган мезгил аяктагандан кийин, экинчи Тараптын мыйзамынын жоболоруна ылайык алардын туруу мөөнөтүн узартуу экинчи Тараптын компетенттүү органдары тарабынан жактырылгандан кийин өздөрүнүн туруу мөөнөтүн узарта алышат. 5-берене. Ушул Макулдашуунун (1) беренесинде айтылган паспорттордун ээси болгон ар бир Тараптын мамлекеттеринин жарандарын ушул Макулдашуу алардын турган мезгилинде экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында колдонулган мыйзамдарды сыйлоо милдетинен бошотпойт. 6-берене. Ар бир Тарап себебин көрсөтпөстөн каалабаган катары каралган адамдардын кирүүсүнөн баш тартуу же жашап турган учурунда кетирүү укугуна ээ болушат. 7-берене.
1. Тараптар ушул Макулдашууда аталган паспорттордун үлгүлөрүн дипломатиялык каналдар аркылуу Макулдашуу күчүнө киргенден кийин отуз (30) күндүн ичинде алмашат.
2. Ушул Макулдашууда айтылган колдонулуудагы паспорттор өзгөргөн учурда, Тараптар өзгөртүүлөр кабыл алынган учурдан тартып отуз (30) күндүн ичинде паспорттордун жаңы сүрөттөлүшү жана белгилери тууралуу маалыматты дипломатиялык каналдар аркылуу алмашат.
8-берене. Ар бир тарап улуттук коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында ушул Макулдашуунун колдонулушун толугу менен же жарым-жартылай токтото алат. Экинчи Тарапка мындай чечимдин күчүнө кирүүсүнө 72 саат калганга чейин дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу билдирилиши керек. 9-берене. Ушул Макулдашуунун каалаган жобосун ишке ашырууда же чечмелөөдө Тараптардын ортосунда келип чыккан ар кандай кайчы пикирлер консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. 10-берене. Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу менен өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. Киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Макулдашуунун 11-беренесинде көрсөтүлгөн жол-жоболорго ылайык күчүнө кирет. 11-берене. Ушул Макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аяктагандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү дипломатиялык каналдар аркылуу алган күнү ушул Макулдашуу күчүнө кирет. 12-берене. Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлдү жана Тараптардын бири Макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу өзүнүн ниетин жазуу жүзүндө дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи Тарапка билдиргенге чейин күчүндө болот. Бул учурда Макулдашуу жогоруда аталган билдирүүнү экинчи Тарап алган күндөн тартып 6 айдан кийин өз аракетин токтотот. ______________ шаарында 2015-жылдын __-__________ эки түп нускада араб, кыргыз, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Текстти чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
Кувейт Мамлекетинин Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- ВЕНСКАЯ КОНВЕНЦИЯ о консульских сношениях (Кыргызская Республика присоединилась постановлением Жогорку Кенеша КР от 12 января 1994 года № 1408-XII)Конвенция · 24.04.1963
- ВЕНСКАЯ КОНВЕНЦИЯ № 1138 о дипломатических сношениях (Кыргызская Республика присоединилась постановлением Жогорку Кенеша КР от 12 января 1994 года № 1407-XII)Конвенция · 18.04.1961