# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 242-б (2011-жылы болгон табигый кырсыктан жапа чеккен Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаарынын калкына жардам жана социалдык колдоо көрсөтүү боюнча каражаттар жѳнγндѳ) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 242-б (2011-жылы болгон табигый кырсыктан жапа чеккен Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаарынын калкына жардам жана социалдык колдоо көрсөтүү боюнча каражаттар жѳнγндѳ) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 242-р
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214547>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14463/edition/974153/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214547.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 242-б (2011-жылы болгон табигый кырсыктан жапа чеккен Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаарынын калкына жардам жана социалдык колдоо көрсөтүү боюнча каражаттар жѳнγндѳ) буйругу (15.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214547

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 5-июну № 242-б (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-октябрындагы № 387-б буйругунун редакциясына ылайык) 2011-жылы болгон табигый кырсыктан жапа чеккен Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаарынын калкына жардам жана социалдык колдоо көрсөтүү жана социалдык турак-жай куруу максатында, "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- "Кадамжай өндүрүштүк-эксплуатациялык турак жай-коммуналдык чарба" муниципалдык ишканасына 45 батирлүү турак үй курууга курулуш иштеринин долбоордук наркында көрсөтүлгөн суммада кредит берсин;

- белгиленген тартипте "Кадамжай өндүрүштүк-эксплуатациялык турак жай-коммуналдык чарба" муниципалдык ишканасы менен кредитти кайтарып берүү боюнча төмөнкү шарттарда карыздык милдеттенме түзсүн:

кредитти төлөө мөөнөтү - ар квартал сайын бирдей төлөмдөр менен турак үй эксплуатацияга киргизилген күндөн тартып 15 жыл;"; (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-октябрындагы № 387-б буйругунун редакциясына ылайык) кредит күрөөлүк камсыздоо менен пайызсыз; айыптык санкциялар - мөөнөтү өтүп кеткен карыздын суммасынан жылдык 6,0 пайыз; карыздарды тындыруунун башталышы - турак үй эксплуатацияга киргизген күндөн тартып 6 ай өткөндөн кийин;". (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-октябрындагы № 387-б буйругунун редакциясына ылайык)

- курулуш иштеринин долбоордук наркында аныкталган каражаттарды карап, "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.

2. "Кадамжай өндүрүштүк-эксплуатациялык турак жай-коммуналдык чарба" муниципалдык ишканасына төмөнкүлөр сунушталсын:

- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 45 батирлүү турак үйдү куруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;

- жүргүзүлгөн сатып алуулардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине курулуш иштеринин долбоордук наркынын суммасын көрсөтүү менен кредит алууга өтүнмө берүү;

- бардык тышкы коммуникациялары менен турак үйдү эксплуатацияга киргизүүнү камсыз кылуу;

- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарга ылайык кредиттин кайтарылып берилишин камсыз кылуу.

3. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаарынын мэриясына "Кадамжай өндүрүштүк-эксплуатациялык турак жай-коммуналдык чарба" муниципалдык ишканасына бөлүнүүчү кредитти максаттуу пайдаланууга жана жоюуга контролду камсыз кылуу сунушталсын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
