# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 288-б (Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө облустук деңгээлдеги башкаруу органдарын оптималдаштыруу, мамлекеттик башкаруу түзүмүндө функциялардын кайталанышын болтурбоо максаты жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 288-б (Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө облустук деңгээлдеги башкаруу органдарын оптималдаштыруу, мамлекеттик башкаруу түзүмүндө функциялардын кайталанышын болтурбоо максаты жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 288-р
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/2145279>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19041/edition/652313/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/2145279.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 288-б (Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө облустук деңгээлдеги башкаруу органдарын оптималдаштыруу, мамлекеттик башкаруу түзүмүндө функциялардын кайталанышын болтурбоо максаты жөнүндө) буйругу (24.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/2145279

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 24-июну № 288-б Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө облустук деңгээлдеги башкаруу органдарын оптималдаштыруу, мамлекеттик башкаруу түзүмүндө функциялардын кайталанышын болтурбоо максатында, "Кыргыз Республикасынынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин карамагына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын алдындагы Дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн методикалык борборун тиешелүү материалдык-техникалык базасы, штаттык бирдиктери жана бюджета менен бирге өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- 2015-жылга республикалык бюджетте, облустук дене тарбия жана спорт иш-чараларын өткөрүүгө каралган финансылык каражаттарды 2015-жылдын 1-июлунан баштап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине өткөрүп берсин;

- "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына белгиленген тартипте тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизсин.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө, финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
