# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-майындагы № 229-б (2015-жылдын 30-майы жумуш күнү деп бекитүү жѳнγндѳ) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-майындагы № 229-б (2015-жылдын 30-майы жумуш күнү деп бекитүү жѳнγндѳ) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 229-р
- Кабыл алынган күнү: 27.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.05.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214527>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14443/edition/698448/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214527.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-майындагы № 229-б (2015-жылдын 30-майы жумуш күнү деп бекитүү жѳнγндѳ) буйругу (27.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214527

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY БУЙРУК 2015-жылдын 27-майы № 229-б Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 101-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын кызматкерлери үчүн 2015-жылдын 30-майы Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 115-беренесинде каралган компенсациялоо менен жумуш күнү деп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын агент-банктарына 2015-жылдын 30-майын жумуш күнү деп жарыялоо сунушталсын.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
