Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жашыруун маалыматты өз ара коргоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу жѳнγндѳ) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 22-майы № 221-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жашыруун маалыматты өз ара коргоо жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасына жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жашыруун маалыматты өз ара коргоо жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү кызыкчылыгында, Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы тышкы саясий, аскердик, экономикалык, илимий-техникалык жана башка кызматташтыктын жүрүшүндө пайдаланылуучу мамлекеттик сырларды, ошондой эле мындай кызматташтыктын процессинде түзүлгөн мамлекеттик сырларды коргоону камсыз кылуу максатында, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн төмөнкү түшүнүктөр колдонулат: "жашыруун маалымат" - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын жана (же) Беларусь Республикасынын мамлекеттик сырларын түзүүчү, Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык корголуучу, берилген, алынган, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын процессинде түзүлгөн маалыматтар; "жашыруун маалыматты алып жүрүүчүлөр" - материалдык объектилер, анын ичинде жашыруун маалымат аны аныктоого жана идентификациялоого мүмкүндүк берген символдор, образдар, белгилер, техникалык чечимдер жана процесстер түрүндө өзүнүн чагылдырылышын тапкан физикалык талаалар; "жашыруун маалыматты коргоо" - Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына жана ушул Макулдашууга ылайык жашыруун маалыматты санкцияланбаган жайылтууну болтурбоо жана аны алып жүрүүчүлөрдү сактоо боюнча укуктук, уюштуруучулук, техникалык, программалык жана башка чараларды көрүү; "жашыруундуулук грифи" - жашыруун маалыматты алып жүрүүчүнүн жана (же) ага коштомо документтин өзүндө коюлуучу жашыруун маалыматты алып жүрүүчүдө камтылган жашыруун маалыматтын жашыруундук даражасын күбөлөндүрүүчү реквизит; "компетенттүү органдар" - Тараптардын мамлекеттеринин ушул Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдары; "ыйгарым укуктуу органдар" - Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык жашыруун маалыматты берүүгө, алууга, сактоого, пайдаланууга, коргоого ыйгарым укук берилген Тараптардын мамлекеттеринин мамлекеттик органдары жана башка уюмдары; "жашыруун маалыматты санкцияланбаган жайылтуу" - жашыруун маалыматты ачыкка чыгаруу же Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында белгиленген мындай маалыматты сактоо же жайылтуу тартибин бузуу, анын натыйжасында ал аны алууга укугу жок адамдарга белгилүү болуп калат; "жашыруун маалыматты алуу мүмкүндүгү" - жеке жактын жашыруун маалыматты алуу укугу же ыйгарым укуктуу органдын жашыруун маалыматты пайдалануу менен иштөө укугу, ал Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында каралган тартипте берилет; "жашыруун маалыматты алуу мүмкүндүгү" - Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык таризделген жашыруун маалыматты алуу укугу бар жеке жактын жашыруун маалымат менен таанышуусу жана (же) иштөөсү; "жашыруун иштер" - жашыруун маалыматты пайдалануу менен байланышкан иштер, ошондой эле окутуу. 2-берене. Ушул Макулдашуунун предмети болуп эки тараптуу кызматташтыктын процессинде берилген, алынган, ошондой эле түзүлгөн жашыруун маалыматты коргоону Тараптардын өз ара камсыз кылуусу саналат. 3-берене. Тараптардын жашыруун маалыматынын жашыруундуулук даражасы жана аны алып жүрүүчүлөр үчүн бул даражага шайкеш келүүчү жашыруундуулук грифи төмөнкүдөй салыштырылат:
Кыргыз Республикасы
Беларусь Республикасы
ӨЗГӨЧӨ МААНИЛҮҮ ОСОБОЙ ВАЖНОСТИ
ОСОБОЙ ВАЖНОСТИ
ӨТӨ ЖАШЫРУУН СОВЕРШЕННО СЕКРЕТНО
СОВЕРШЕННО СЕКРЕТНО
ЖАШЫРУУН СЕКРЕТНО
СЕКРЕТНО
4-берене. Ушул Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу компетенттүү органдар болуп төмөнкүлөр саналат: Кыргыз Республикасында - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети; Беларусь Республикасында - Беларусь Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук комитети. Компетенттүү органдар өз компетенцияларынын чегинде түздөн-түз өз ара аракеттенишет. Ушул Макулдашуунун алкагында Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу компетенттүү органдар менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат. Жашыруун иштерди аткаруунун жүрүшүндө ыйгарым укуктуу органдардын өз ара аракеттенүүсү Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында жана алардын ортосунда түзүлгөн тиешелүү келишимде (контрактта) каралган тартипте алар тарабынын түздөн-түз жүзөгө ашырылат. 5-берене. Бир Тараптын мамлекетинин ыйгарым укуктуу органы экинчи Тараптын мамлекетинин ыйгарым укуктуу органына жашыруун маалыматты берүүгө ниеттенген учурда ал өз Тарабынын мамлекетинин компетенттүү органынан жашыруун маалыматты берүү болжолдонгон ыйгарым укуктуу органдын аны менен иштөөгө укугу бар экендиги тууралуу жазуу жүзүндөгү ырастаманы алдын ала сурайт. Жашыруун маалыматты берүү жөнүндө чечим Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык кабыл алынат. Жашыруун маалыматты берүү Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында жана ыйгарым укуктуу органдардын ортосунда түзүлгөн жашыруун иштерди аткаруу боюнча келишимде (контрактта) каралган негизде жана тартипте жүзөгө ашырылат. Жашыруун иштерди аткаруу боюнча келишимде (контрактта) милдеттүү түрдө төмөнкүлөр каралат: берилген (түзүлгөн) жашыруун маалыматты коргоо боюнча милдеттенмелер; жашыруун маалыматты пайдалануунун жана иштеп чыгуунун шарттары; алынган жашыруун маалыматты үчүнчү тарапка аны берген ыйгарым укуктуу органдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана берүү жөнүндө милдеттенмелер; талаш маселелерди чечүү жана мүмкүн болуучу зыяндын ордун толтуруу тартиби. Жашыруун маалыматты алып жүрүүчүлөрдү алмашуу фельдъегердик кызматты же Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында каралган башка ыкмаларды колдонуу менен дипломатиялык каналдар аркылуу жүзөгө ашырылат. Ыйгарым укуктуу органдар жашыруун маалыматты ири габариттүү алып жүрүүчүлөрдү берүүнүн ар бир учурунда аларды ташуунун убактысы, ыкмасы, каттамы жана коштоп жүрүү формасы жөнүндө макулдашат, бул тууралуу өз мамлекетинин компетенттүү органдарына кабарлашат. Эгерде Тараптар башкача макулдашпаса, жашыруун маалыматтарды берүү аларга өзгөчө укуктарды жана анын алып жүрүүчүлөргө болгон менчик укугун берүүгө алып келбейт. 6-берене. Биринчи Тараптын өкүлдөрүнүн алардын экинчи Тараптын жашыруун маалыматын алуу мүмкүндүгүн караган келүүсү кабыл алуучу Тарап менен макулдашылган кайрылуунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мындай келүүлөрдүн мүмкүндүгү жөнүндө кайрылуу болжолдонгон келүүгө чейин эки айдан кеч эмес мөөнөттө жиберилиши жана төмөнкү маалыматтарды камтышы керек: келүүнүн максатын; өкүлдүн аты-жөнүн, туулган күнүн жана жерин, жарандыгын жана паспортунун номерин; өкүлдүн жашыруундуулуктун тийиштүү деңгээлиндеги жашыруун маалыматты алуу мүмкүндүгү бар экендиги жөнүндө маалыматты; келүү болжолдонгон күндү жана узактыгын; келүүсү пландалган ыйгарым укуктуу органдардын аталышын. Өкүлгө жашыруун маалыматты алуу мүмкүндүгү кабыл алуучу Тараптын мамлекетинин мыйзамдарында каралган тартипте, анда жиберүүчү Тараптын мыйзамдарына ылайык берилген мамлекеттик сырды алуу мүмкүндүгү жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашыруун иштерди аткарууга жазма буйругу болгон учурда берилет. Келүү учурунда өкүлдөр кабыл алуучу Тараптын мамлекетинде белгиленген жашыруун маалымат менен иштөө эрежелери менен таанышат жана визиттин жүрүшүндө бул эрежелерди сакташат. Тараптардын ар бири экинчи Тараптын мамлекетинин өкүлдөрүн баш тартуунун себебин көрсөтүү менен, кабыл алуудан баш тартууга укуктуу. 7-берене. Алынган жашыруун маалыматты алып жүрүүчүлөргө алуучу мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан ушул Макулдашуунун 3-беренесине ылайык салыштырылуучу жашыруундуулук грифи кошумча коюлат. Жашыруун маалыматтын жашыруундуулук даражасы жана аны алып жүрүүчүлөрдөгү тийиштүү жашыруундуулук грифи аны берген Тараптын мамлекетинин ыйгарым укуктуу органынын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз өзгөртүлүшү мүмкүн эмес. Эгерде жашыруун маалымат башка алып жүрүүчүгө которулса же көчүрүлсө, ага түп нусканын жашыруундуулук грифине шайкеш келүүчү жашыруундуулук грифи коюлат. Жашыруун маалыматты камтыган, берилген алып жүрүүчүлөр Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын макулдашуусу боюнча кайтарылып берилет же жашыруун маалыматты кайра калыбына келтирүүгө мүмкүн эместигине кепилдик берген ыкма менен бул алып жүрүүчүлөр турган аймактагы Тараптын мамлекетинин мыйзамдарын сактоо менен жок кылынат. Жашыруун маалыматты алып жүрүүчүлөрдү жок кылуу фактысы документтештирилет. Жок кылуу жөнүндө документтин көчүрмөсү жашыруун маалыматты берген ыйгарым укуктуу органга берилет. Жашыруун маалыматты берген Тараптын мамлекетинин ыйгарым укуктуу органы аны алган экинчи Тараптын мамлекетинин ыйгарым укуктуу органына жашыруун маалыматтын жашыруундуулук даражасынын өзгөргөндүгү же ачыкка чыгарылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт. Тараптардын ортосундагы кызматташтыктын процессинде түзүлгөн жашыруун маалыматтын жашыруундуулук даражасын аныктоо же өзгөртүү, ошондой эле аны ачыкка чыгаруу ыйгарым укуктуу же компетенттүү органдар менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат. 8-берене. Тараптар жашыруун маалыматты коргоону камсыздоо максатында төмөнкүлөргө милдеттенишет: эки тараптуу кызматташтыктын процессинде алынган же түзүлгөн жашыруун маалыматтарга карата алар өздөрүнүн жашыруун маалыматтарына карата көрүшкөн коргоо чараларындай коргоо чараларын көрүүгө; экинчи Тараптын мамлекетинин ыйгарым укуктуу органынан алынган жашыруун маалыматты аны берүүдө каралган максаттарда гана пайдаланууга; эки тараптуу кызматташтыктын процессинде алынган же түзүлгөн жашыруун маалыматты алып жүрүүчүлөрдү эсепке алууга, сактоого жана Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында каралган тартипте аны иштеп чыгууга; алынган жашыруун маалыматты берген ыйгарым укуктуу органдын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү жакка бербөөгө; жашыруун маалыматты санкцияланбаган жайылтуу фактылары жөнүндө аны берген ыйгарым укуктуу органга жазуу жүзүндө кабарлоого. Зарыл болгон учурда жашыруун маалыматты коргоо боюнча кошумча талаптар (жашыруун маалыматты колдонуу боюнча милдеттенмелерди кеңири баяндоо жана аны коргоо боюнча чараларды көрсөтүү менен) жашыруун маалыматты берген мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы менен сүйлөшүлүшү мүмкүн. 9-берене. Эки тараптуу кызматташтыктын процессинде алынган же түзүлгөн жашыруун маалыматты коргоо боюнча талаптар бузулган учурда, бузууга жол берилген аймактагы Тараптын мамлекетинин компетенттүү органы тарабынан териштирүү жүргүзүлөт. Эки тараптуу кызматташтыктын процессинде алынган же түзүлгөн жашыруун маалыматтарды санкцияланбаган жайылтуу боюнча аныкталган факты жөнүндө экинчи Тараптын мамлекетинин компетенттүү органына токтоосуз кабарланат. Жашыруун маалыматты санкцияланбаган жайылтуу фактысы боюнча териштирүү жүргүзүүдө компетенттүү органдар өз ара жардам көрсөтүшөт, зарыл болгон учурда бири-бирине өз өкүлдөрүн жиберүү менен жардам көрсөтүшөт. Мындай адамдарды командировкага жиберүү менен байланышкан бардык чыгымдарды, эгерде Тараптар башкача макулдашпаса жөнөтүүчү Тарап төлөйт. Жашыруун маалыматты санкцияланбаган жайылтуу фактысы боюнча териштирүүнүн жыйынтыктары жөнүндө компетенттүү органдар бири-бирине маалымдашат. Жашыруун маалыматты санкцияланбаган жайылтуудан Тарапка келтирилген зыяндын өлчөмү жана анын ордун толтуруу Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык, ошондой эле консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн жүрүшүндө аныкталат. 10-берене. Ушул Макулдашууну чечмелөөгө же колдонууга карата талаш маселелер компетенттүү органдардын ортосунда консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет. Мындай консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү учурунда Тараптардын мамлекеттери ушул Макулдашууга ылайык өздөрүнүн милдеттенмелерин аткарууну улантышат. 11-берене. Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашырууда натыйжалуу кызматташтыкты камсыздоо максатында Тараптардын биринин демилгеси боюнча консультацияларды жүргүзө алышат. Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө жашыруун маалыматты коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалыматтар менен алмашышат. 12-берене. Ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор Тараптардын өз ара макулдуктары боюнча киргизилет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет. Протоколдор ушул Макулдашуунун 13-беренесинде каралган тартипте күчүнө кирет. 13-берене. Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоо алынган күндөн тартып күчүнө кирет. Ар бир Тарап ушул Макулдашууну колдонууну токтотуу ниети тууралуу экинчи Тарапка жазуу жүзүндө кабарлоо менен анын колдонулушун токтотушу мүмкүн. Мындай учурда ушул Макулдашуунун колдонулушу мындай кабарлоо алынган күндөн алты ай өткөндөн кийин токтотулат. Тараптар ушул Макулдашуунун колдонулушу токтотулган учурда эки тараптуу кызматташтыктын процессинде алынган жана (же) түзүлгөн жашыруун маалыматты жана аны алып жүрүүчүлөрдү ушул Макулдашууда каралган тартипте, ал ачыкка чыгарылганга чейин коргоону камсыз кылууну улантышат. _____________ шаарында, эки нускада кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, алардын ар бири бирдей юридикалык күчкө ээ. Пикир келишпестиктер келип чыккан учурда орус тилиндеги текстке артыкчылык берилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
Беларусь Республикасынын Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.