# КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 19-майындагы № 213-б (Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо кеңешинин курамын бекитγγ жѳнγндѳ) буйрук

- Толук аталышы: КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 19-майындагы № 213-б (Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо кеңешинин курамын бекитγγ жѳнγндѳ) буйрук
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 213-р
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.05.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214510>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14427/edition/879684/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214510.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 19-майындагы № 213-б (Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо кеңешинин курамын бекитγγ жѳнγндѳ) буйрук (19.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214510

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-февралындагы № 61-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY БУЙРУК 2015-жылдын 19-майы № 213-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо кеңешинин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-декабрындагы № 604-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

Тиркеме Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо кеңешинин КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; "Өнөр жай" жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын автотранспорт каражаттарын техникалык кароочу борбор ишканалары ассоциациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча); "Стандартсертик" ЖЧКнын сертификациялоо боюнча органдын жетекчиси (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Стандартташтыруу жана метрология борборунун алдындагы Бишкектеги Сыноо, сертификациялоо жана метрология боюнча борбордун директору; "Газпром нефть Азия" ЖЧКнын сертификациялоо, сапат жана метрология башкармалыгынын лабораториясынын начальниги (макулдашуу боюнча); "ДНК-Технологиялар-Манас" ЖЧКнын жетекчиси (макулдашуу боюнча); Лабораторияларды аккредитациялоо боюнча техникалык комитеттин төрагасы (макулдашуу боюнча); Сертификациялоо боюнча органдарды аккредитациялоочу техникалык комитеттин төрагасы (макулдашуу боюнча); "Профмедицина" өкмөттүк эмес уюмдун инфекциялык оорулардын диагностика лабораторияларынын сапатын контролдоочу Республикалык илимий-практикалык борборунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын метрология жана стандартташтыруу бөлүмүнүн башчысы;

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин стандартташтыруу жана метрология кафедрасынын башчысы (макулдашуу боюнча);

"Айкын" республикалык керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча ассоциациянын өкүлү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун жетекчиси.
