Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого даярдануу боюнча өз убагында даярдык көрүүнү камсыз кылуу максаты жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 2-майы № 191-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-декабрындагы № 492-б буйругу менен бекитилген 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого даярдануу боюнча 2014-2015-жылдарга карата иш-чаралардын планынын 2.1-пунктунда каралган иш-чараларга өз убагында даярдык көрүүнү камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Бишкек шаарынын Эски аянтында, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүнүн алдында театрлаштырылган оюн-зоокко (парадга) катышкан мектеп окуучулары, баштапкы кесиптик окуу жайларынын окуучулары, орто жана жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн театрлаштырылган костюмдарды сатып алууга Бишкек шаарынын мэриясына 3 520 500 (үч миллион беш жүз жыйырма миң беш жүз) сом бөлсүн;
- «Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ушул буйруктан келип чыгуучу чыгымдарды караштырган мыйзамдын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул буйруктун 1-пунктунда аталган театрлаштырылган костюмдарды «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сатып алсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 30.12.2014 · № 176
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-декабрындагы № 492-б (1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого даярдануу боюнча 2014-2015-жылдарга карата…Распоряжение · 16.12.2013 · № 492-р · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон