# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 183-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-августундагы № 326-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө буйругу)

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 183-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-августундагы № 326-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө буйругу)
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 183-р
- Кабыл алынган күнү: 23.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214479>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14396/edition/635548/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214479.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 183-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-августундагы № 326-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө буйругу) (06.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214479

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 23-апрели № 183-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жыляын 2-августундагы № 326-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1- пунктунда:

- экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;»;

- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.»;

- он биринчи абзацындагы «биринчи» деген сөз алып салынсын;

2- пунктунда:

- экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Башкы штабдын начальниги - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, УКБнын жетекчиси;»;

- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын стратегиялык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги»

- бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Башкы штабынын Чек араны коргоо башкы башкармалыгынын начальниги;»;

- алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек араны контролдоо башкармалыгынын начальниги;»;

- он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын начальниги;»

- он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы контролун уюштуруу башкармалыгынын бажы жол-жоболору жана инфратүзүмү бөлүмүнүн начальниги;»; «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору;»;

- жыйырма биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «ВОМСА программасынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү (макулдашуу боюнча).»;

Кыргыз Республикасында мамлекеттик чек араны комплекстүү башкаруу тутумун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча Улуттук координациялык борбор жөнүндө жободо:

- 2-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин командачысына» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасына» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3- пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«УКБнын жетекчиси болуп Башкы штабдын начальниги - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары эсептелет.»;

- 8-пунктунун биринчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин кол башчысынын орун басары» деген сөздөр «Башкы штабдын начальниги -Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары» деген сездер менен алмаштырылсын.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
