# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 181-б (Талас облусунун аймагындагы өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жөнүндө буйругу)

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 181-б (Талас облусунун аймагындагы өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жөнүндө буйругу)
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 181-р
- Кабыл алынган күнү: 23.04.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214477>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14394/edition/640084/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214477.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 181-б (Талас облусунун аймагындагы өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жөнүндө буйругу) (23.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214477

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 23-апреля № 181-б Талас облусунун аймагындагы өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Талас облусунун Бакай-Ата районундагы авариялык - калыбына келтирүү иштерин каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептен 3050000 (үч миллион элүү миң) сом бөлсүн:

- 1000000 (бир миллион) сом - Өзгөрүш айыл аймагынын Өзгөрүш айылындагы Чодо каналын тазалоо үчүн;

- 2050000 (эки миллион элүү миң) сом - Боо-Терек айыл аймагынын Боо-Терек айылындагы Кара-Суу каналын тазалоо үчүн;

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышын жана ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык аталган объекттерде авариялык-калыбына келтирүү иштерин аткарууну камсыз кылсын.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
