# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-апрелиндеги № 163-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-ноябрындагы № 494-б буйругуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө буйругу)

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-апрелиндеги № 163-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-ноябрындагы № 494-б буйругуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө буйругу)
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 163-р
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214457>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14374/edition/633497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214457.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-апрелиндеги № 163-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-ноябрындагы № 494-б буйругуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө буйругу) (17.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214457

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 17-апрели № 163-б Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултуунун майнаптуулугун камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-ноябрындагы № 494-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо тартиби жөнүндө нускамада: 3-пунктунун сегизинчи абзацы "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын" деген сөздөрдөн кийин ", уюмдардын жана мекемелердин" деген сөздөр менен толукталсын; 9-пунктунун биринчи абзацындагы "аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр "аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана мекемелердин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
