# КР Премьер-министринин 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 82 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча комиссиянын курамы жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 82 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча комиссиянын курамы жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2015
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214439>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14356/edition/1280303/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214439.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 82 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча комиссиянын курамы жөнүндө) буйругу (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214439

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2015-жылдын 3-апрели № 82 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 6-декабрындагы № 720, 2021-жылдын 23-мартындагы № 231 буйруктарынын редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 853 токтому менен бекитилтен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө жобонун 17-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык курамда тузүлсүн.

2. Комиссиянын жыйыны эки айда бир жолудан кем эмес еткөрүлө тургандыгы белгиленсин.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча комиссиянын КУРАМЫ (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2021-жылдын 23-мартындагы № 231 буйругунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, Комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кадрлар маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, Комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кадрлар маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн эксперти, Комиссиянын катчысы. Комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын төмөнкү маселелерди тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери:

- уюштуруу-инспектордук иштер;

- укуктук экспертиза;

- социалдык өнүктүрүү;

- билим берүү, маданият жана спорт;

- агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмү;

- курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмү;

- коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү.".
