# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-апрелиндеги № 140-б ("Киа Соренто" маркасындагы 2011-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № G4KECH723316, кузовунун № KNAKT8119D5310367, ак түстөгү автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартылган бажылык режимде тариздөө жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-апрелиндеги № 140-б ("Киа Соренто" маркасындагы 2011-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № G4KECH723316, кузовунун № KNAKT8119D5310367, ак түстөгү автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартылган бажылык режимде тариздөө жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 140-р
- Кабыл алынган күнү: 01.04.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214429>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14346/edition/640068/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214429.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-апрелиндеги № 140-б ("Киа Соренто" маркасындагы 2011-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № G4KECH723316, кузовунун № KNAKT8119D5310367, ак түстөгү автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартылган бажылык режимде тариздөө жөнүндө) буйругу (01.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214429

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 1-апрели № 140-б Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 174-беренесеине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17 беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарбалык уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн ортосундагы Автотранспорт каражаттарын акысыз өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуунун негизинде "Киа Соренто" маркасындагы 2011-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № G4KECH723316, кузовунун № KNAKT8119D5310367, ак түстөгү автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартылган бажылык режимде тариздесин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:

- ушул буйруктун 1 -пунктунда аталган автотранспорттук каражатты мамлекеттин менчигине кабыл алсын;

- ушул буйруктун 1 -пунктунда аталган автотранспорттук каражатты Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин оперативдик башкаруусуна өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте оперативдик башкарууга алсын жана арналышы боюнча пайдалансын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатынын наркын республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө эске алсын.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
