# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 133-б (Элдик апрель революциясынын 5 жылдыгына карата бир жолку материалдык жардам көрсөтүү максаты жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 133-б (Элдик апрель революциясынын 5 жылдыгына карата бир жолку материалдык жардам көрсөтүү максаты жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 133-р
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.03.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214423>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14340/edition/640102/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214423.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 133-б (Элдик апрель революциясынын 5 жылдыгына карата бир жолку материалдык жардам көрсөтүү максаты жөнүндө) буйругу (30.03.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214423

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 30-марты №133-б Элдик апрель революциясынын 5 жылдыгына карата бир жолку материалдык жардам көрсөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Республикалык бюджеттин каражаттарынан 2010-жылдын апрель -июнунда болгон окуялардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын курман болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыркаган жарандарына бир жолку материалдык жардам төмөнкү өлчөмдөрдө төлөнсүн:

- Кыргыз Республикасынын курман болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө -10 000 (он миң) сом өлчөмүңдө;

- соттук-медициналык экспертизанын тиешелүү корутундусу болгон учурда, ден соолугуна оор зыян келтирилген Кыргыз Республикасынын жабыр тарткан жарандарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине - 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө;

- соттук-медициналык экспертизанын тиешелүү корутундусу болгон учурда, ден соолугуна анча оор эмес жана жеңил зыян келтирилген Кыргыз Республикасынын жабыр тарткан жарандарына. анын ичинде Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине - 3000 (үч мин) сом өлчөмүндө.

2. 2010-жылдын апрель - июнунда болгон окуялардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын курман болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыркаган жарандарына бир жолку материалдык жардамды алууга жарандардын арыздарын кароо боюнча комиссиялар жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын/шаарлардын мэрияларынын алдында тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргелешип 2010-жылдын апрель - июнунда болгон окуялардын натыйжасында курман болгон жарандардын үй-булелорунун жана жабыркаган жарандардын 2010-жылы түзүлгөн тизмелерин тактап, ушул буйруктун 2-пунктунда көрсөтүлгөн комиссиялардын кароосуна берсин;

- 2010-жылдын апрель - июнунда болгон окуялардын натыйжасында курман болгон жарандардын үй-булөлөрунө жана жабыркаган жарандарга бир жолку материалдык жардамды төлөөнү камсыз кылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- 2010-жылдын апрель - июнунда болгон окуялардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын курман болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүне жана жабыркаган жарандарына бир жолку материалдык жардамды төлөөгө республикалык бюджеттен финансы каражаггарын тапсын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине бөлүп берсин;

- «Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджета жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун даярдоодо көрсөтүлгөн каражаттарды карасын,

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

Тиркеме 2010-жылдын апрель - июнунда болгон окуялардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын курман болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыркаган жарандарына бир жолку материалдык жардам алууга жарандардын арыздарын кароо боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациянын/шаар мэриясьшын алдындагы комиссиянын курамы

Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары/шаардын вице-мэри, комиссиянын төрагасы. Комиссия мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин райондук/шаардык ички иштер бапшармалыгьгаьш/бөлүмүнүн начальнигинин орун басары; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин райондук/шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчисн; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары; Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүу министрлигинин аймактык болүмүнүн жетекчисинин орун басары; өкметтүк эмес сектордун/жарандык жана эл аралык коомчулуктун райондогу/шаардагы өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).
