# КР Президентинин 2015-жылдын 5-мартындагы ПБ № 41 (Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында соттук реформа боюнча Кеңештин курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Президентинин 2015-жылдын 5-мартындагы ПБ № 41 (Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында соттук реформа боюнча Кеңештин курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 05.03.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.03.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214412>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14330/edition/625814/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214412.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2015-жылдын 5-мартындагы ПБ № 41 (Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында соттук реформа боюнча Кеңештин курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) буйругу (05.03.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214412

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2015-жылдын 5-марты ПБ № 41 Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 142 буйругу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында соттук реформа боюнча Кеңештин курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Салянова А.Ж., Шыкмаматов А.Н. чыгарылсын;

- Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна - Кыргыз Республикасынын юстиция министри, Арабаев Манас Матаевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы, Кеңештин катчысы болуп киргизилсин;

- Д.И.Нарымбаевдин кызмат орду төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси;";

- И.Ы.Жолдубаеванын кызмат орду төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору.".

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
