# КР Премьер-министринин 2015-жылдын 25-мартындагы № 70 (Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын укуктук маселелер боюнча жумушчу тобунун жана топографиялык-жерге жайгаштыруу боюнча жумушчу тобунун курамы жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2015-жылдын 25-мартындагы № 70 (Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын укуктук маселелер боюнча жумушчу тобунун жана топографиялык-жерге жайгаштыруу боюнча жумушчу тобунун курамы жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.03.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214411>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14329/edition/627174/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214411.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2015-жылдын 25-мартындагы № 70 (Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын укуктук маселелер боюнча жумушчу тобунун жана топографиялык-жерге жайгаштыруу боюнча жумушчу тобунун курамы жөнүндө) буйругу (25.03.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214411

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТР БУЙРУК 2015-жылдын 25-марты № 70 Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жана тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык-жерге жайгаштыруу боюнча жумушчу топторунун кезектеги биргелешкен жолугушуусу 2015-жылдын 30-мартынан 3-апрелине чейин Бишкек шаарында өткөрүлсүн.

2. Аталган жолугушууга катышуу үчүн кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын укуктук маселелер боюнча жумушчу тобунун жана топографиялык-жерге жайгаштыруу боюнча жумушчу тобунун. анын ичинде тартылган адамдардын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын зсебинен төлөнсүн.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

Тиркеме Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын укуктук маселелер боюнча жумушчу тобунун жана топографиялык-жерге жайгаштыруу боюнча жумушчу тобунун курамы

Искандаров Курбанбай Алибаевич

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, делегациянын жетекчиси;

Дооталиев Улан Тимурович

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары, укуктук маселелер боюнча жумушчу топтун жетекчиси;

Бообеков Нурлан Жанадилович

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;

Рыскулова Жылдыз Жакшылыковна

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын экспертизанын адистештирилген түрлөрүн жүргүзүү боюнча бөлүм башчысы;

Калматов Азамат Маматысакович

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүмүнүн начальниги;

Урмамбетов Бакытбек Дженалиевич

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чектеш өлкөлөр депаргаментинин биринчи катчысы;

Касмалиев Ажыбек Кадыркулович

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору, топографиялык-жерге жайгаштыруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси;

Абдураимов Бекназар Элмуратович

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;

Ботобаев Каныбек Калбаевич

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жер с жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары;

Мурзаев Абдималик Мурзаевич

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директорунун орун басары;

Борубаев Назирбек Нарматович

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту"' мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги;

Эргешов Абдиназар Мамытович

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменгинин Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкар.масынын начальниги;

Мамаюсупов Исматилла Абдуллаевич

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменгинин Сүлүктү-Лейлек аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги.
