# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 123-б (Аштык буудайды жаңылоо максаты жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 123-б (Аштык буудайды жаңылоо максаты жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 123-р
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214407>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14325/edition/719604/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214407.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 123-б (Аштык буудайды жаңылоо максаты жөнүндө) буйругу (19.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214407

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 25-марты № 123-б (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы №223-б буйругунун редакциясына ылайык) Аштык буудайды жаңылоо максатында, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү женүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:

- 2011-жылдын түшүмүнөн алынган 6943,5 тонна аштык буудайды, ошондой эле 2012-жылдын түшүмүнөн алынган 1035,0 тонна аштык буудайды брондон чыгарсын;

- брондон чыгарылган аштык буудайды иштетип, алынган унду республиканын региондорундагы ведомствого караштуу уюмдар жана жооптуу сактоочу ишканалар аркылуу бюджеттик уюмдарга сатсын;

- сатуудан алынган акча каражатын аштык буудайдын данын сатып алууга жана мамлекеттик резервдеги аштык буудайды сактоого, иштетүүгө жана унду сатууга байланышкан чыгымдарды жабууга жумшасын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга карты жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги пайда болгон дүң бааларды эске алуу менен сатылуучу ундун баасын белгилесин.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы №223-б буйругунун редакциясына ылайык)

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
