# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-мартындагы № 105-б (Европа Союзунун туруктуу өнүгүүнү стимулдаштыруунун жана ак ниет башкаруунун атайын схемасын (Преференциялардын жалпы схемасы +) колдонуу боюнча Европа Союзунун Комиссиясынын дарегине Кыргыз Республикасынын милдеттенмелер жөнүндөгү билдирүүсүнүн тексти ылайык жактырылышы жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-мартындагы № 105-б (Европа Союзунун туруктуу өнүгүүнү стимулдаштыруунун жана ак ниет башкаруунун атайын схемасын (Преференциялардын жалпы схемасы +) колдонуу боюнча Европа Союзунун Комиссиясынын дарегине Кыргыз Республикасынын милдеттенмелер жөнүндөгү билдирүүсүнүн тексти ылайык жактырылышы жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 105-р
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214389>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14307/edition/625738/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214389.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-мартындагы № 105-б (Европа Союзунун туруктуу өнүгүүнү стимулдаштыруунун жана ак ниет башкаруунун атайын схемасын (Преференциялардын жалпы схемасы +) колдонуу боюнча Европа Союзунун Комиссиясынын дарегине Кыргыз Республикасынын милдеттенмелер жөнүндөгү билдирүүсүнүн тексти ылайык жактырылышы жөнүндө) буйругу (18.03.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214389

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 18-марты № 105-б Кыргыз Республикасы үчүн Европа Союзунун преференциялардын жалпы системасын (ПЖС+) пайдалануучу статусун алуу жана кошумча тарифтик преференцияларды пайдалануу, ошондой эле Европа Союзунун өлкөлөрүнө кыргыз товарларынын экспортун жылдырууга көмөктөшүү жана эл аралык соода системасына интеграциялоону күчөтүү максатында:

1. Европа Союзунун туруктуу өнүгүүнү стимулдаштыруунун жана ак ниет башкаруунун атайын схемасын (Преференциялардын жалпы схемасы +) колдонуу боюнча Европа Союзунун Комиссиясынын дарегине Кыргыз Республикасынын милдеттенмелер женүндөгү билдирүүсүнүн расмий тилиндеги (расмий эмес котормо) текста 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жогорудагы аталган билдируүгө принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте Европа Союзунун Комиссиясынын дарегине жогоруда аталган билдирүүнү тийиштүү эл аралык келишимдерге кошулуу же аларды ратификациялоо тууралуу документтердин көчүрмөлөрүн 2-тиркемеге ылайык тиркөө менен жиберсин.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

1 –тиркеме расмий эмес котормо Кыргыз Республикасынын милдеттенмелер жөнүндөгү билдирүүсүү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Экономика министри Сариев Темир Аргембаевичтин атынан чыгып, К« 978/2012 Европа Союзунун Регламентации VIII тиркемесинде келтирилген күчүнө кирген эл аралык келишимдердин аракетин колдоого милдеттенет жана алардын натыйжалуу ишке ашырылышына кепилдик берет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ар бир эл аралык келишим менен жүктөлгөн отчеттуулук, ошондой эле № 978/2012 Европа Союзунун Регламентинин VIII тиркемесинде келтирилген эл аралык келишимдердин жоболоруна ылайык ишке ашыруунун тартибине туруктуу мониторинг жана сереп жүргүзүү талаптарын сөзсүз түрдө кабыл алат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү № 978/2012 Европа Союзунун Регламентинин 13-беренесинде көрсөтүлгөн мониторингдин жол-жобосуна всатышууга жана кызматташууга милдеттенет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган милдеттердин ар биринен баш тартуу № 978/2012 Европа Союзунун Регламентинин 10 (5) - беренесине ылайык ПЖС+ алкагындагы келишимдин жокко чыгарылышына алып келээрин толук түшүнөт.

2-тиркеме Адам укуктары жана эмгектенүү укугу боюнча негизги маселелер жөнүндө эл аралык келишимдердин (БУУ/ЭЭУ конвенциялары) тизмеси

Аталышы

Мамлекет ичиндеги жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө документтер

1.

Элдерди кырып-жоюу кылмышынын алдын алуу жана ал кылмыш үчүн жазалоо жөнүндө конвенция (1948-жыл)

Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 26-июлундагы № 49 Мыйзамы

2.

Расалык дискриминациянын бардык түрүн жоюу жөнүндө эл аралык конвенция (1965-жыл)

Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 26-июлундагы № 48 Мыйзамы

3.

Граждандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт (1966-жыл)

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кекешинин 1994-жылдын 12-январындагы № 1406-XII токтому

4.

Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пакт (.1966-жыл)

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 1994-жылдын 12-январындагы \>й 1406-XII токтому

5.

Аялдарга карата дискриминациянын бардык формаларын жоюу женүнде конвенция (1979-жыл)

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 1996-жылдын 25-якварындагы № 320-1 токтому, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Эл өкүлдерү жыйынынын 1996-жылдын 6-мартындагы № 257-1 токтому

6.

Кыйноого жана башка ырайымсыз, адам жасагыс же адамдын кадырын кемсинтүүчү мамилелердин түрлөрүнө карата жана жазалоого каршы конвенция (1984-жыл)

Кыргыз Республикасынын 1966-жылдын 26-июлундагы N 46 Мыйзамы

7

Баланын укуктары женүндө конвенция (1989-жыл)

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 1994-жылдын 12-январындагы № 1402 XII токтому

8.

Мажбурлоочу же милдеттүү эмгек жөнүндө конвенция № 29 (1930-жыл)

Кыргыз Республикасы ЭЭУга 1992-жылдын 31 -мартында кирген. Киришип жатып Кыргыз Республикасы мурдагы СССРде ратификаиияланган ЭЭУнун конвенциялары анын аймагында күчүндө кала тургандыгын билдирген

9.

Ассоциациянын эркиндиги жана уюштурууга укукту коргоо жөнүнде ЭЭУнун № 87 конвенциясы (1948-жыл)

Кыргыз Республикасы ЭЭУга 1992-жылдын 31-мартында кирген. Киришип жатып Кыргыз Республикасы мурдагы СССРде ратификацияланган ЭЭУнун конвенциялары анын аймагында күчүндө кала тургандыгын билдирген.

10.

Жамааттык сүйлөшүүлөрдү уюштурууга жана аларды жүргүзүүгө укуктун принциптерин колдонуу жөнүндө ЭЭУнун № 98 конвенциясы (1949-жыл)

Кыргыз Республикасы ЭЭУга 1992-жылдын 31 -мартында кирген. Киришип жатып Кыргыз Республикасы мурдагы СССРде ратификацияланган ЭЭУнун конвенциялары анын аймагында күчундө кала тургандыгын билдирген

11.

Эркектерди жана аялдарды бирдей Кыргыз Республикасы баалуулуктагы эмгек үчүн бирдей ЭЭУга 1992-жылдын сыйлоо жөнүндө ЭЭУнун № 100 131-мартында кирген.) конвенциясы (1951-жыл)

Кыргыз Республикасы ЭЭУга 1992-жылдын 31 -мартында кирген. Киришип жатып Кыргыз Республикасы мурдагы СССРде ратификацияланган ЭЭУнун конвенциялары анын аймагында күчундө кала тургандыгын билдирген

12"

Эрксиз эмгекти жоюу жөнүндө ЭЭУнун № 105 конвенциясы .(1957-жыл)

Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 19-мартындагы № 22 Мыйзамы

13

Эмгек жана алектенүү тармагындагы дискриминация жөнүндө ЭЭУнун № 105 конвенциясы (1958-жыл)

Кыргыз Республикасы ЭЭУга 1992-жылдын 31 -мартында кирген Киришип жатып Кыргыз Республикасы мурдагы СССРде ратификацияланган ЭЭУнун конвенциялары анын аймагында күчүндө кала тургандыгын билдирген

14

Ишке кабыл алуу үчүн минималдуу жаш курак жөнүнде ЭЭУнун № 138 конвенциясы (1973-жыл)

Кыргыз Республикасы ЭЭУга 1992-жылдын 31-мартында кирген. Киришип жатып Кыргыз Республикасы мурдагы СССРде ратификацияланган ЭЭУнун конвенциялары анын аймагында күчүндө кала тургандыгын билдирген

15.

Эл аралык эмгек уюмунун балдардын эмгегинин өтө начар түрлөрүнө тыюу салуу жана алард жоюу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө ЭЭУнун № 182 конвенциясы (1999-жыл)

Кыргыз Республикасынын2003-жылдын30-декабрдагы № 244 Мыйзамы

Айлана-чөйрөнү коргоого жана башкаруу принциптерине таандык конвенциилар

16.

Жапайы фауналардын жана флоралардын жоголуу коркунучунда түрган түрлөрүн эл арапык соодалоо j боюнча конвенция (1973-жыл)

Кыргыз Республикасынын 1 2006-жылдын 30-ноябрындагы № 192 Мыйзамы

17.

Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколу (1987-жыл)

Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 15-январындагы № 16 Мыйзамы

18.

Коркунучтуу калдыктарды трансчекарадары аркылуу ташууну жана аларды жоюуну контролдоо жөнүндө Базель конвенциясы (1989-жыл)

Кыргыз Республикасынын 1 Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 1996-1 жылдын 18-январындагы 3 № 304-1 токтому, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Эл өкүлдөрү жыйынынын 1995- жылдын 30-ноябрындагы П № 225-1 токтому

19.

Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүнде конвенция (1992-жыл)

Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 26-июлундагы № 40 Мыйзамы

20.

БУУнун климаттын езгөрүшү женүндө Алкактык Конвенциясы (1992-жыл)

Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 14-январындагы № 11 Мыйзамы

21.

Биокоопсуздук боюнча Картахен протоколу (2000-жыл)

Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 6-августундагы № 140 Мыйзамы

22.

Туруктуу органикалык булгоочулар жөнүндө Стокгольм конвенциясы (2001-жыл)

Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 19-июлундагы № 114 Мыйзамы

23.

БУУнун климатты езгөртүү женүндө Алкактык Конвенциясынын Киот протоколу (1997-жыл)

Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 15-январындагы № 9 Мыйзамы

24.

Баңгизат каражаттары жөнүвде бирдиктүү конвенция (1961-жыл)

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 1994-жылдын 16 апрелиндеги № 1498- XII токтому

25.

Акыл-эске таасир берүүчу заттар жөнундө конвенция (1971-жыл)

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 1994-жылдын 16 апрелиндеги № 1499- XII токтому

26.

Баңгизат каражаттары жана акыл-эске таасир берүүчү заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жөнүндө БУУнун конвенциясы (1988-жыл)

Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 16 апрелиндеги № 1500- XII токтому

27.

БУУнун коррупцияга конвенциясы каршы (2004-жыл)

Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 6-августундагы № 128 Мыйзамы
