# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-мартындагы № 102-б (Кыргыз Республикасьнын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-августундагы № 331-б буйругуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-мартындагы № 102-б (Кыргыз Республикасьнын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-августундагы № 331-б буйругуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 102-р
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214387>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14305/edition/624519/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214387.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-мартындагы № 102-б (Кыргыз Республикасьнын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-августундагы № 331-б буйругуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу (17.03.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214387

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 17-марты № 102-б Ош облусунун Барак эксклавынын инфратүзүмүн өнүктүрүү жана тургундарынын турак-жай шарттарын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-августундагы № 331-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пунктунун төртүнчү абзацы жана 4-пункту "көчүрүлө турган" деген сөздерден кийин "жана кала турган" деген сөздер менен толукталсын;

- 5-пункту "көчүрүлө турган" деген сөздөрдөн кийин "Ош облусунун Барак эксклавында кала турган" деген сөздер менен толукталсын;

- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "6. Департамент:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан бекитилген тизме боюнча, Ош облусунун Барак эксклавына көчүрүлө турган тургундарына ар бир үй-бүлөгө 200 000 (эки жүз миң) сом суммада кайтарымсыз ссудаларды үч этаптуу транш менен, аткарылган иштердин актыларына ылайык курулуш-монтаждоо иштеринин аткарылышына жараша төмөнкү тартипте бөлсүн:

50 000 (элүү миң) сом суммасындагы биринчи транш - жер иштерине жана пайдубалды тургузууга; 100 000 (жүз миң) сом суммасындагы экинчи транш - дубалдарды тургузууга жана чатырды жабууга; 50 000 (элүү миң) сом суммасындагы үчүнчү транш - терезелерди жана эшиктерди орнотууга, жасалгалоо жана башка иштерге. Кийинки транштар боюнча бөлүштүрүлгөн каражаттар мурдагы транштар боюнча которулган акча каражаттарынын эсебинен аткарылган иштердин актысы Департаментке берилгенден кийин которула тургандыгы белгиленсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусунудагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан бекитилген тизме боюнча, Ош облусунун Барак эксклавында жашоо үчүн калган тургандарына, ар бир үй-бүлөгө 200000 (эки жүз миң) сом суммада кайтарымсыз ссудаларды траншыс бөлсүн».

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
