Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасьнын Өкмөтүнүн буйругуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 17-марты № 102-б Ош облусунун Барак эксклавынын инфратүзүмүн өнүктүрүү жана тургундарынын турак-жай шарттарын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-августундагы № 331-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктунун төртүнчү абзацы жана 4-пункту "көчүрүлө турган" деген сөздерден кийин "жана кала турган" деген сөздер менен толукталсын;
- 5-пункту "көчүрүлө турган" деген сөздөрдөн кийин "Ош облусунун Барак эксклавында кала турган" деген сөздер менен толукталсын;
- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "6. Департамент:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан бекитилген тизме боюнча, Ош облусунун Барак эксклавына көчүрүлө турган тургундарына ар бир үй-бүлөгө 200 000 (эки жүз миң) сом суммада кайтарымсыз ссудаларды үч этаптуу транш менен, аткарылган иштердин актыларына ылайык курулуш-монтаждоо иштеринин аткарылышына жараша төмөнкү тартипте бөлсүн:
50 000 (элүү миң) сом суммасындагы биринчи транш - жер иштерине жана пайдубалды тургузууга; 100 000 (жүз миң) сом суммасындагы экинчи транш - дубалдарды тургузууга жана чатырды жабууга; 50 000 (элүү миң) сом суммасындагы үчүнчү транш - терезелерди жана эшиктерди орнотууга, жасалгалоо жана башка иштерге. Кийинки транштар боюнча бөлүштүрүлгөн каражаттар мурдагы транштар боюнча которулган акча каражаттарынын эсебинен аткарылган иштердин актысы Департаментке берилгенден кийин которула тургандыгы белгиленсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусунудагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан бекитилген тизме боюнча, Ош облусунун Барак эксклавында жашоо үчүн калган тургандарына, ар бир үй-бүлөгө 200000 (эки жүз миң) сом суммада кайтарымсыз ссудаларды траншыс бөлсүн».
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-августундагы № 331-б (Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл аймагынын "Сары-Колот" жаңы конушунун инфратүзүмүн долбоорлоо, куруу жана Ош…Распоряжение · 15.08.2014 · № 331-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон