# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-мартындагы № 94-б (Кыргыз Республикасы тарабынан дайындалган Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Кеңешинин мүчөлөрүн документтерге кол коюуга укук берилиши жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-мартындагы № 94-б (Кыргыз Республикасы тарабынан дайындалган Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Кеңешинин мүчөлөрүн документтерге кол коюуга укук берилиши жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 94-р
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.03.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214377>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14295/edition/623244/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214377.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.03.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-мартындагы № 94-б (Кыргыз Республикасы тарабынан дайындалган Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Кеңешинин мүчөлөрүн документтерге кол коюуга укук берилиши жөнүндө) буйругу (13.03.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214377

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 13-марты № 94-б Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Уставынын 10-беренесине (Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 174 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуунун 1-тиркемеси), "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасы тарабынан дайындалган Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Кеңешинин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Финансы министри Лаврова Ольга Владимировна жана Кыргыз Республикасынын Экономика министри Сариев Темир Аргембаевич Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Уставынын 9-беренесинин 1-пунктунун «е», «и», «м» жана «о» пунктчаларында каралган маселелер боюнча документтерге кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
