# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-мартындагы № 86-б (Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашуунун долбоорун жактырылышы жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-мартындагы № 86-б (Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашуунун долбоорун жактырылышы жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 86-р
- Кабыл алынган күнү: 10.03.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.03.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214368>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14286/edition/620868/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214368.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.03.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-мартындагы № 86-б (Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашуунун долбоорун жактырылышы жөнүндө) буйругу (10.03.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214368

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 10-марты № 86-б Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин жана жергиликтүү кеңештердин өкүлдөрүнүн потенциалын күчөтүү аркылуу жергиликтүү деңгээлде бюджеттик процесстин сапатын жогорулатуу максатында:

1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашуунун (Жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлиндеги мамлекеттик финансы чөйрөсүндө "теңме-тең" принциби боюнча окутуу практикасын кеңейтүү долбоору) долбоорунун расмий тилдеги (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору (№ TF016021 грант) жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1 -пунктунда аталган Гранттык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
